(27. 8. 1871, Терре-Хот, Индиана штаты — 28. 12. 1945, Голливуд) — амер. жазуучу ж-а коомдук ишмер. 1945-я?. июлдан АКШ компартиясынын мүчөсү. 1889—90-ж. Блумингтон ш-ндагы ун-тте окуган. Адабий ишмердиги 1892-жылдан башталган. 1897-ж. биринчи аңгеме, очерк-тери басылган. «Карындашым Керри» (1900), «Женни Герхард» (1911), «Финансист» (1912), «Титан» (1914), «Гений» (1915) аттуу белгилүү ро-мандардын автору. Д-дин чыг-лыгы-нын ж-а демокр. көз караңгынын өсүшүндө Окт. рев-ясынын таасири зор. «Ур, добулбас!» (1920) аттуу китебинде Сов. Россияга каршы уюштурулган интервенцияны айыптаган. «Америка трагедиясы» (1925) романы м-н Д. реалисттик чеберчиликтин жог. баскычына көтөрүлгөн. Чыг-ла-рыпда бурж. идеология м-н морал-дын пайдубалы — индивидуализмди сынга алган. Совет өкмөтүнүн чакыруусу б-ча Д. 1927-ж. СССРге келип, өз көргөндөрү ж-дө «Драйзер Россияга көңүл бурат» (1928) деген китебин жазган. СССРди кыдырып чыккандан кийин жазган «Эрнита» повестинде америка ад-тында биринчи жолу коммунисттик образын түзгөн. Экинчи дүйн. согуш жылдары совет элинин баатырдык күрөшүн колдоп, гитле-ризмди, Англия м-н АКШдагы согуштук кылмышкерлерди айыптап чыккан.

Чыг.:  Собр. соч., т. 1—12, М., 1973.

Ад.:   Засурский Я. Н., Теодор Драйзер, М., 1964.

от 2020