[30. 10(11.11). 1821, Москва —28. 1(9.1 2). 1881, Петербург] —орус жазуучусу. Кедей дарыгердин үй-бүлөсүнөн. 1843-ж. Петербург аскер-инженердик окуу жайын бүтүргөн. «Бечаралар» (1846) аттуу алгачкы романы м-н ал кезде Грголь баштаган натуралдык мектепке чебер жазуучу катары кошулган. Бу романда «кичине адамдын» социалдык трагедиясы көрсө-түлгөндүгүн В. Г. Белинский жогору баалаган. Д-дин кийинки чыг-лары: «Окшош адам» (1846), «Буурул түндөр» (1848) ж-а «Неточка Незванова» (1849). Бул чыг-ларда натуралдык мектептин башка өкүлдөрүнөн айырмалуу, Д-ге гана мүнөздүү реа-лизмдин белгилери (терең психологизм, мүнөздөр м-н кырдаалдардын бөтөнчөлүгү) даана көрүнгөн. Д-дин көз караштары Белинскийдин, француз социалист-утописттеринин (айрыкча Ш. Фурьенин) демокр. ж-а соц. идеяларынын таасири м-н калыптанган. 1847-ж. М. В. Петрашевскийдин коомуна кирген, 1848-жылдан Н. А. Спешнев м-н С. Ф. Дуровдун рев-я-лык ийримине катышкан. Петрашев-чилердин иши б-ча айыпталып, 1849-ж. өлүм жазасына өкүм кылынган. Кийин ал өкүм 4 жылдык сүргүн м-н алмаштырылган. Сүргүндө Д-дин талма оорусу күчөп, 1859-ж. уруксат б-ча Петербургга көчүп келген; «Абамдын түшү» (1859), «Сте-панчиково кыштагы жана аны жер-дегендер» (1859) повесттерин, «Кор болуп, ыза көргөндөр» (1861) романын жарыялаган. «Азапканада жазылган эскермелер» (1861—62) — Д-дин сүргүндө көргөн-билгендери ж-дө-гү эң ири чыгармасы. 60—70-жылдары «Кылмыш жана жаза» (1866), «Кейбир» (1868), «Шайтандар» (1871— 72), «Өспүрүм» (1875) ж-а «Бир тууган Карамазовдор» (1879—80) аттуу өз доорунун эң маанилүү социалдык, моралдык, филос. маселелерин козгогон атактуу романдарын жараткан. Д-дин чыг-ларында Россия м-н Батыш Европанын социалдык мамилелери кыйрап жаткан доордогу турмуштун, коомдук ой-пикирдин кара-ма-каршылыктары даана чагылган. Анын реалисттик чыг-лыгынын негизи — адамдын пендечиликте тарткан азап-тозогу, зордук-зомбулуктан мүң-күрөгөндөрдүн трагедиясы. «Психо-логдордун психологу» (С. Цвейг) Д. өз чыг-ларында адамдын ар-намысын кордоо адамгерчиликсиздикке алып келерин, кордолгон адам өзүн эч кимге керексиз, байкуш сезерин, экинчиден турмушка нааразылык сезими курчуп кетерин даанышмандык м-н сүрөттөй алган; бурж. индивидуа-лпзмдин идеологиясы өсүп келаткан-дыгын кыраакылык м-н байкаган. Д. адам азаттыгын жактаган, бирок адамдын рухий мүдөөсүн жоё турган «бактылуу» коом теориясына каршы чыккан; тирикарак, баамчыл, өткүр мүнөз адамдарга ак көңүл, мээрман, сезимтал адамдардын мүнөзүн каршы койгон. Реалисттик чыг-лардын өзгөчө формаларын жаратып, романдарында психолог, ойчул, публицист, насаатчы катары көрүнгөн. Композициянын динамикалуулугу, конфликт-тин өнүгүшүндөгү драмалык чыңалуу, сүрөттөөнүн экспрессиялуулугу, татаал моралдык-психол. ж-а соци-алдык-филос. проблемаларды чагыл-тууга кызмат кылган. Д-дин роман-дары полифониялуу («көп үндүү»). Анын көркөм ой жүгүртүусүндөгү полифониялуулук ошол доордун социалдык турмушундагы «көп үндүү-лүктүн» чагылышына байланыштуу. 19-к-дын ортосундагы бу кырдаалды жазуучу мыкты түшүнгөн ж-а. көрсөтө алган. Ошон үчүн өзүнөн кийинки мезгилдин көркөм ад-тына гана эмес, эстет, ж-а филос. ой-пикирге да таасир тийгизген. Чыг-лыгындагы карама каршылыктан улам Д. жазуучу ж-а ойчул катары таптакыр карама-каршы тү-шүнүлүп, түрдүүчө бааланып келген. Бурж. философтордун бир тобу (В. В. Розанов, Д. С. Мережковский, Н. А. Бердяев) Д-ди христиан динин үгүттөөчү дешсе, башка бирөөлөр анархиялык бурж. индивидуализмдин ницшечил идеяларын адепки таратуучу деп атоого умтулушкан. Жазуучунун чыг-лыгына экзистенциа-лизмдин өкүлдөрү да чоң көңүл буруйтуп, аны С Кьеркегор, Ф. Ницше м-н бир катардагы идеялык кеменгер катары көрсөтүүгө тырышкан. Маркс-чыл сын Д-ди гениалдуу художник деп тааныган, бирок жазуучунун реакциячыл идеяларына каршы күрөш жүргүзгөн. А. В. Луначарский, A. М. Горький ж. б. жазуучулардын ж-а илимпоздордун эмгектеринде Д-дин дүйнөгө көз карашындагы карама-каршылык марксчыл позиция-дан талданган. Буржуазияга каршы күрөшкон Д. реализми, жог. деңгээлдеги интеллектуалдуу роман жазуу өнөрү орус ж-а дүйн. ад-тка олуттуу таасир эткен. Анын романдары кыргыз тилине да которулууда. 1972-жылдан Д-дин чыг-ларынын 30 томдон турган толук жыйнагы жарыяланууда.

Чыг.:  Собр. соч., т. 1—10, М., 1956—58; Неизданный Достоевский, т. 1—2, М., 1971—73; Бечаралар, Фр., 1957; Кор болуп, ыза көргөндөр, Фр., 1960.

Aд.: Луначарский А. В.. Собр. соч., т. 1, М., 1963; Ф. М. Достоевский в русской критике, Сборник статей (ст. B. Г. Белинского и др.), М., 1956; Ф. М. Достоевский в воспоминаниях современников, т. 1—2, М., 1964; Ф. М. Достоевский. Библиография произведений Ф. М. Достоевского и литературы о нём. 1917—1965, М., 1968.

от 2020