ДОРОШЕНКО Николай Иванович

(7. 12. 1930-ж. т., Костанай обл., Таран р-ну, Варваровка кыш.).— сов. геолог; СССР мамл. сыйл. (1976) ж-а Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (1976). Геология-минералогия илимд. кандидаты (1972). Өзбек ССРинин Алишер Навои атн. мамл. ун-тин бүткөн (1952). Кыргыз -ССР геол. башкармасынын геол. партияларынын геологу, башкы геологу, начальниги. Түстүү металлдардын геологиясы б-ча бир нече ил. эмгектин автору. Кырг-н-дын жаңы кен байлыктарың табууда ж-а чалгындоодо олуттуу эмгек сиңирген. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *