ДОО (ю р и д.)

от2020

Дек 1, 2020

— закон тарабынан корголуучу же бузулган мүдөо-кызыкчылыкты жактоо талабы м-н сот, арбитраж, третей сотуна кайрылуу. Ар бир жак закондо белгиленген жол м-н өзүнүн бузулган же талашка түшкөн укугун, закондуу мүдөөсүн коргоого акылуу. Д. иши доо предметинен (доогер талабынан) ж-а доо негиздеринен турат. Д. ж-дө арыз кат жүзүндө берилет. Анда жибериле турган орган, доогер м-н жоопкердик фамилиясы, алардын турган орду ж. б. көрсөтүлөт. Д-го доогер же анын өкүлү кол коёт, арыз бери-лерде мамл. пошлина төлөнөт. Доогер Д. коюу м-н бирге тараптардын ортосунда укук мамилелеринин бары-жогун аныктоо, жоопкерден доогердин пайдасына буюм же акча өндүрүү, жоопкерди белгилүү бир иш жасоого милдеттендирүү, жактардын ортосундагы укук мамилелерин өзгөртүп же кыскартуу талаптарын кое алат. Жоопкер коюлган доого каршы тосмо Д. коюп коргоно алат. Тосмо Д. доо коюу ж-дөгү жалпы эрежелер б-ча коюлат.

от 2020