ДОН

от2020

Дек 1, 2020

— СССРдин европ. бөлүгүндөгү дарыя. Уз. 1870 км, алабынын аянты 422 миң км2. Орто Орус дөңсөөсунүн чыгыш капталынан башталып, Азов деңизинин Таганрог булуңуна куят. Башталышында тар өрөөн м-н агат, оң жээги бийик (айрым жери 90 ж ге чейин), жарлуу, сол жээги жантайың-кы, нугу ийри-буйру, сайроондор көп. Ортоңку агымында (Калач-на-Дону ш-на чейин) өрөөнү кенен. Төмөнкү агымы жайылмалуу кең өрөөн (20— 30 км ге чейин) м-н агат. Тереңд. кээде 20 м ге чейин. Ири куйма дары: Воронеж, Битюг, Хопер, Медведица, Сал, Батыш Маныч (сол), Красивая Меча, Сосна, Чир, Северский Донец (оң). Көбүнчө кар суусунан куралат. Жог. агымы ноябрда тоңуп, апрелде ачылат, төмөнкү бөлүгү декабрда тоңуп, мартта ачылат. Жылдык орт. чыгымы 935 мг/сек. Төмөнкү агымы жай («Тынч Дон»). Д-до Цимлянск суу сактагычы ж-а ГЭСи бар. Д. Волга м-н В. И. Ленин атн. Волга-Дон кеме жүрүүчү каналы аркылуу байланышат. Чатынан Личок ш-на чейин кеме жүрөт (1355 км). Промы-селдик балыктары: судак, лещ, сазан, чехонь, дон сельди, осётр ж-а севрюга (айрыкча төмөнкү агымында ж-а чатында). Д-дун жээгинде Лебедянь, Задонск, Георгиу-Деж, Павловск, Калач-на-Дону, Ростов-на-Дону ш-лары орун алган.

от 2020