ДОН-ДНЕПР БОЮ ЭКОНОМИКАЛЫК РАЙОНУ

—Сов. Союзундагы ири экон. райондордун бири. Украинанын чыгыш бөлүгүндө. Днепр ж-а Северский Донец д-ларынын алабында. Составына Донецк, Ворошиловград, Днепропетровский, Запорожье, Кировоград, Харьков, Полтава ж-а Сумы обл-тары кирет. Аянты 220,9 миң км2 (УССРдин терр-ясынын 36,5%). Калкы 20 210 миң (1971).. Экон. р-ндун аймагы түзөң, чыгышында Донецк дөң-сөөсү жатат. Климаты мелүүн конти-ненттик. Жылдык жаан-чачыны ЗОО— 400 мм. Таш көмүр, күрөң көмүр, марганец, темир рудасы, газ, сымап, хим. сырьё ж. б. кен байлыктарга бай. Калкынын көпчүлүгү украин-дар. Орт. жышт. 1 км2це 91,5 киши. Шаар калкы 71%. Д-Д. б. э. p.—өлкөдөгү индустр. райондордун бири, СССРдеги көмүр ж-а металлургиянын маанилүү базасы. Электр энергетика/ машина куруу, металл иштетүү, хи мия ө. ж., курулуш материалдарын чыгаруу ж-а а. ч. өнүккөн район. Электр энергияны Старобегиевск, Приднепропетровск, Змиевск, .Криво-рожск № 2, Ворошиловград ГРЭСтери ж-а В. И. Ленин атн. Днепро/эс, Кременчуг, Днепродзержинск /ГЭСтери-нен алат. Көмүр ө. ж-нда ЗООдөн ашык ишкана бар. В. И. Ленин атн. (Кривой Рог), С. М. Киров атн. (Макеевка), Ильич атн. ж-а «Азовсталь» (Жданов), «Запорожсталь», «Дненро-сеть сталь» (Запорожье), Ф1 Э. Дзержинский атн. (Днепродзержинск), Г. П. Петровский атн. кара металлургиялык ири комбинаттар ж-а заводдор иштейт. Түстүү металлургиядан сымап комбинаты, цинк з-ду, Днепр-овск алюминий з-ду ж. б. ишв лар бар. Химия (кокс-химия, нефть иштетүү, боек, синтетика, пластмасса), тамак-аш (кант, эт, май ж. б.), жеңил ө. ж-лары өнүккөн. Райондо интенсивдүү а. ч. өнүккөн. Айдоо аянты 14 млн га (УССРдин айдоо аянтынын 42%). 1970-ж. УССРдин а. ч. дүң продукциясынын 37%ин, эгиндин 42 % ин (кү-здүк буудай, арпа, жүгөрү), кант кызылчанын 30%ин, күн караманын 70%ин берди. 1971-ж. 7,9 млн уй, 8,1 млн чочко, 3 млн кой-эчки болгон. Т. ж-дун уз. 9,1 миң км; негизги магистралдары: Москва — Донбасс, Москва — Харьков — Севастополь, Москва — Запорожье ж. б. Москва — Симферополь, Киев — Харьков ж. б. автомобиль жолдору өтөт. Түн. Кавказдан газ’ жүргүчтөрү тартылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *