ДОНОР

от2020

Дек 1, 2020

 (лат. dono — сыйга беремин) — өз каалоосу м-н канын куюу-га, ткань (мис, тери) же органын (мис, бөйрөк) оорулуу кишиге көчүрүүгө берүүчү адам. Жашы 18ден жогору, ден соолугу таза адам Д. боло алат. СССРде Д. болуу граждандардын ардактуу милдети. Алар кан бергендиги үчүн кошумча дем алуу укугун пайдаланышат, ал күндөрдө орт. айлыгы сакталат, курорт, эс алуу үйлөрүнө путевкаларды 1-ке-зекте алышат. Кызыл Крест ж-а Кызыл Жарым Ай коомунун аткаруу комитетинин чечими м-н «СССРдин ардактуу донору» деген наам бекитилген.

от 2020