ДОНЕЦК

от2020

Дек 1, 2020

(1924-жылга чейин Ю з о в-ка, 1924—1961-ж. Сталин о) — УССРдин Донецк обл-нын борбору. Д. 19-к-дын 60-жылдарында шахтёр-дук посёлка катары пайда болгон. Донбасстын борб. бөлүгүндө, Каль-миус д-нын жээгинде. Калкы 934 миң (1974). Автомобиль ж-а т. ж. тоому. СССРде оор ө. ж-нын ири борборло- рунун бири. Д-идеги ө. ж. ишканалары Улуу Ата Мек. согуштан кийин жаңы тех. базанын негизинде кеңейтилди ж-а реконструкцияланды. Таш көмүр ишканалары, металлургия, машина куруу з-ддору, химия, курулуш материалдарын чыгаруу, тамак-аш ж-а жеңил ө. ж. тармактары иштейт. Д.—УССРдин эң ири маданий жа ил. борборлорупан: 30 ил. из. ж-а долбоорлоо ин-ттары, 5 жог. окуу жайы (ун-т, политех., муз.-пед. ж. б.), 18 атайын орто окуу жайлары, опера ж-а балет, муз.-драма, куурчак театр-лары, филармония, край таануу музейи ж. б. бар.

от 2020