Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүгүндөгү дөңсөө сымак тоо. УССР м-н РСФСРдин чегннде. Уз. 370 км, туурасы 50—120 км. Негизинен таш көмүр мезгилинде пайда болгон кумдук, сланец ж-а аки таш тектеринин калың катмарларынан турат. Аймагында Донецк көмүр бассейни, Артемовск таш туз кени бар. Дөңсөөнүн бийикт. 367 м ге чейин. Суу бөлгүчү майда жыбыттуу түзөңдөрдөн турат, алардын көпчүлүк бөлүгү айдалат. Чет жакасы кара, борб. бөлүгү боз топурактуу. Кап-талдары кокту-колоттуу, кургак сайлуу ж-а жардуу. Дөңсөөлөрдун ар кайсы жеринде эмен, ясень, клён токою бар. Донецк көмүр бассейнинин базасында өлкөнүн ири индустр. району жайгашкан.

от 2020