Донбасс— СССРдин Европа бөлүгүндөгү таш көмүрдүн чоң кендери жайгашкан аймак. Ал УССРдин Ворошиловград, Донецк, РСФСРдин Ростов обл-тарында. Жер бетине чыккан көмүр катмарларынын аянты 23 миң км2 (Эски Донбасс), кийин тереңдикте жаткан комур катмарлары чалгында-лып, Д. к. б-нин аянты 60 миң км2 тв жетти (Жаңы Донбасс). Д. к. б. СССРдин көмүр ө. ж-нда көрүнүктүү орунда. 1970-ж. андан 217 млн т көмүр алынган, бул СССР б-ча казылып алынган көмүрдүн 35,4 %ин түзгөн. Д. к. б.—ири индустр. борборлордун бири. Анын базасында металлургия, оор машина куруу, кокс-химия ж-а жеңил ө. ж. өскөн. Бассейн девон мезгилинен азыркыга чейинки пайда болгон чөкмө тоо тектердин калың катмарларынан турат. Алар байыркы кристаллдуу фундамепттин үстүндө жатат. Аймакта эң кеңири тараган тоо тектер: таш көмүр мезгилинин аки таш теги, кумдун, сланец, көмүр. Булардын калыңдыгы айрым жерлерде 18 км ге жетет. Аларды кычкыл ж-а негиздүү магмалык тоо тектер жиреп чыккан. Д. к. б-нин аймагы — ири синклиналдык түзүлүш. Тоо тек катмарлар тектоникалык кыймылдардын натыйжасында түн.-батыштан туш.-чыгышка багытталган бүктөлүү-гө дуушар болгон. Көмүр негизинен таш көмүр мезгилинин ортоңку, азыраак өлчөмдө үстүңкү ж-а астыңкы катмарларында топтолгон, ал эми бассейндин түн.-батыш бөлүгүндө па-леогендин ж-а неогендин астыңкы катмарларынын арасында учурайт. Көмүр кабаттарынын жалпы саны 315ке жетет. Казып алууга жарамдуу кабаттарынын калыңд. 0,6—1,0 м. Д. к. б-нде таш көмүрдүн бардык түрү бар. Көмурү жог. сапатта, күй-гөндөгү өрт. жылуулугу 5200—6000 ккал/кг, күлдүүлүгү 7—15%, күкүрт-түүлүгү орточо, фосфордуулугу 0,02% тен ашпайт. Көмүр кабаттарында метан газы арбын. Д. к. б-ндеги көмүрдүн жалпы геол. запасы 128 млрд т (таш көмүрдүкү 1800 м тереңдикке, күрөң көмүрдүкү 600 м ге чейин). Д. к. б-нде көмүрдөн башка газдын (Шебелинск), таш туздун (Артемовск, Славянск), сурьма м-н сымаптын (Никитинск), бордун (Лисичан р-ну, Славянск) ж-а курулуш материалдарынын ири кендери бар.

Ад.:   Бакулев Г. Д., Развитие угольной промышленности Донецкого бассейна, М.,. 1955; Геология месторождений угля и горючих сланцев СССР, т. 1, М., 1963.

от 2020