— темир кен ко-шундуларын же кесек темирди домна жёштеринде эритип, чоюн алуу өндүрүшү; кара металлургиянын тармагы. Чоюн б. з. ч. 4—6-к-да эле белгилүү болгон. Ал жыгач көмүр жагылган шахта меши пайда болгондон баштап алына баштаган. Россияда 1-жолу чоюн Уралда 1701-ж. алынган. Буу үйлөтүүчү машина (И. И. Ползунов, 1766), үйлөтүп ысытуу (1829), регенератор тибиндеги аба жылыткыч (1857) ойлоп табылгандай кийин чоюн алуу өнүктү. 1970-ж. СССР чоюн эритүү б-ча дүйнөдө 1-орунга чыкты. Д. ө-нүн алгачкы материалы шихта): темир, марганец рудасы, агломерат, аки таш, күйүүчү Maii ж-а флюс. Негизги отуну — таш көмүр, кокс. Эритүү аркасында чектүү, куюлма ж-а атайын чоюн, домна газы [күйүү жылуулугу 3,6—4,6 Мдж/м* (800—1100 ввал/ж3)] ж-a курулуш материалдары жасалуучу шлак алынат. Бул өндүрүштө атайы» домна цехи түзүлөт. Анда толук металлургиялык циклдүү 3 домна меши орнотулат. Ал мештин ишин башкаруу — шихтанын составын ж-а санын, үйлөтүүнүн темп-расын ж-а нымдуулугун жөнгө салуучу атайын приборлор м-н жүргүзүлөт. Чоюн алууда төмөндөгү хим. процесстер аткарылат: 1) темирди анын кыч-кылдарынан бөлүү * СССРде Д. ө-н өнүктүрүүдө М. А. Павлов, М. К. Курако, И. П. Бардын зор роль ойноду. Азыр Д. ө-н өркүндөтүү багытында сырьё даярдоону жакшыртуу, домна мештеринин кубаттуулугун жогорулатуу, прогрессчил технологияны кийирүү ж-а мештин ишин автоматтык түрдө башкаруу жүргүзүлүп жатат.

Ад.:   Доменное производство. Справочник, под ред. И. П. Бардина, т. 1—2, М., 1963; Г о т л и б А. Д., Доменный процесс, 2 изд., М., 1966.

от 2020