ДОМИНИОН

 (пат. dominium — ээлик) — британиялык Ынтымакка мүчө болгон мамлекеттердин 1947-жылга чейин аталышы. Д-дорду англ. королго баш ийген генерал-губернаторлор башкарган. «Д.» терминин кабыл алган Империя конф-ясы (1926) Бириккен Королдук (Англия) м-н Д. Британия империясынын карамагына кирген автономиялуу, статусу бирдей, ички-тышкы иштери жагынан бири бирине баш ийбеген коомдор деп көрсөткөн. Бирок бийликти Д. формасында уюштуруу мурда эле пайда болуп, Кана дада (1867), Австралия Союзунда (1901), Жаңы Зелан-дияда (1907), Түш. Африка Союзунда (1910) ж-а Ирландияда Д. статусу киргизилген. Д-дордун суверенитета 1931-ж. Вестминстер статуту м-н бекитилген. 1947-ж. «Д.» термини «Ынтымак мүчөсү» деген термин м-н ал-маштырылган. Бирок бул мурдагы Д-дорго бийлик уюштуруу формасына ж-а Ынтымактагы алардын укуктук абалына эч таасир эткен жок. Канада, Австралия, Жаңы Зеландия, Шри Ланка ж. б. өлкөлөрдө бийлик Д. .принциби б-ча уюштурулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *