ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

— Вест-Индиядагы мамлекет, Гаити а-нын чыгыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Атлантика, түштүгүнөн г Кариб деңизи чулгап жатат. Чыгы-Рикодон Монакы-тышынан Гаити Респ-касы м-н чек- I тешет. Аянты 48,7 миң км1. Калкы 4431,7 миң (1973). Борбору Санто-Доминго ш. (калкы 817,3 миң, 1973). Д. Р. 26 провинция ж-а улут округуна бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. Д. Р.— бурж. респ-ка. Азыркы конституциясы 1966-ж. кабыл алынган. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы — президент, 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Ал ми-нистрлерди (мамл. сек-ретарларды) дайындайт, иштен бошотот; куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы. Закон чыгаруу бийлигинин жог. органы — парламент (Улуттук конгресс), ал эки палата — сенат (27 киши) ж-а депутаттар (74 киши) палатасынан турат. Провйнцияларды президент да-йындоочу губернаторлор башкарат. Общиналардын башкаруу органдары — шайланма муниципалдык советтер. Сот системасына Жог. сот, апелляциялык сот, 1-инстанциядагы сот ж. б. соттор кирет. Д. Р-нын Ген. прокурору прокуратурага ж-а полиция-га башчылык кылат. Мамл ж-а мамл. желегин к. Мамлекеттик герб, Мамлекеттик желек макалада-рынын таблицасынан. Табияты. Жеринин 1/2 бөлүгүнөн бийликке көбүн Анд тоолору ээлейт. Кен байлыктары: боксит, никель, алтын, темир рудасы, туз, гипс. Климаты тро-пиктик-пассаттуу, ойдуңдарында өрт. айлык темп-расы 25—27°С, жылдык жаан-чачын 1000—2000 мм. Тоо кап-талдарында тропик токойлору бар. Калкынын 75% ке жакыны мулат-тар, 10% негрлер, 15% европалыктар. Мамл. тили — испан тили. Дини — католицизм. Шаар калкы 40% (1970). Ири шаарлары: Санто-Доминго, Сантьяго, Сан-Франсиско-де-Макорис, Сан-Педро-де-Макорис, Бараона, Ла-Ро-мана. Тарыхый сяравкасы. 15-к-дын акырына чейин Гаити а-нда индеец уруулары жашаган. Х. Колумбдун экспедициясы 1492-ж. ал аралды ачып, Экспаньола деп атаган. Анда 16-к-дын башында Санта-Доминго деген колония негизделген. Испан колонизаторлору мындагы алтын кендеринде ж. б. чарба тармактарында иштетүү үчүн Африкадан кулдар алып келген. 16-к-дын аягы — 17-к-дын башында Франция м-н Англия аралга көз арта баштаган. Рисвик договору (1697) б-ча аралдын батыш бөлүгү (азыркы Гаити аймагы) Францияга берилип, Сан-Домин-го деп аталган, чыгыш бөлүгү (Д. Р-нын азыркы аймагы) Испания бийлигинде калган. Франциянын 1793-жылдагы Улуу Британия ж-а Испания м-н согушунан кийин бүткүл арал француздардын колуна өткөн. 1804-ж. Ж. Ж. Дессалин баштаган элдик көтөрүлүштөн кийин коло-низаторлор куулуп, а-га Гаити ысымы кайра коюлган. Көп аракеттерден кийин 1844-ж. Санто-Доминго көз карандысыз болуп, Доминикан Респ-касы деп аталат. 1844—1916-ж. Д. Р-н Франция м-н АКШ бир нече жолу басып алууга аракеттенет. Гаити оз көз карандысыздыгын коргойт. Бирок 1916-ж. 5-майда, жерг. элдин каршылыгына карабастан, АКШнын аскерлери өлкөнү басып алат. Алардын өз кишиси О. Васкес президент болот. Рос- сиядагы Улуу Окт. рев-ясынын таасиринен улам Д. Р-нда амер. оккупанттарга каршы кыймыл күчөйт. 20-жылдарда алгачкы коммунисттик топтор пайда болуп, 1928-ж. Д. Р-нын профсоюздар федерациясы түзүлөт. 1930-ж. АКШ империа-листтери м-н бекем байланышкан ж-а ашынган реакциячылардын мүдөөсүн жактаган Р. Л. Трухильо бийликке келет. Д. Р-нда саясий зомбулук режимди кайра орнотот. Өлкөдө демокр. кыймыл күчөйт. 1944-ж. доминикан коммунистте-ри Доминикан рев-ячыл-демокр. партиясын түзөт (1946-жылдан Доминикан эл-renfWr Дик«СОЦ. партиясы, ДЭСП; 1965-жылдан 1ериии Доминикан компартиясы, ДКП). 1959-ж. Куба рев-ясынын жеңиши Д. Р-нда улут-тук-бошт. кыймылдын өсүшүнө ‘чоң түрткү болот. Трухильонун диктатордук режимине каршы кыймыл күчөп, 1960-ж. Х. Балагер келет. Демокр. тартип үчүн болгон күрөштүн натыйжасында Балагердин бийлиги бир кыйла начарлайт. 1961-ж. декабрда диктатура-дан «өкүлдүк демократияга» өтүү үчүн «башкаруунун өткөөл формасы» катары Мамл. совет түзүлөт. 1962-ж. декабрда Мамл. совет шайлоо өткөрүп, Доминикан рев-ячыл партиясы (1939-ж. негизделген) жеңип чыгат. Партиянын лидери Х. Бош президент болуп, бир катар маанилүү реформаларды жүргүзөт. Улуттук экономиканы чыңдоо ж-а АКШга көз каран-дылыктан кутулуу үчүн жасалган бул_ кадам жерг. реакциячыларды, амер. мо-нополиячыларды катуу чочутат. 1963-ж. 23-сентябрда Пентагон м-н Борб. чалгындоо башкармасынын жардамына таянган реакциячыл күчтөр мамл. төңкөрүш жасап, Х. Боштун өкмөтүн кулатат. Өлкөдө террор күчөп, бардык демокр. партияларга тыюу салынат. Эл массасынын нааразылыгы күчөп, 1965-ж. апрелде Д. Р-нда рев-ячыл кырдаал түзүлөт, бир катар аскердик бөлүктөр бийликке каршы көтөрүлүш чыгарат.. Патриоттук кыймыл массалык рев-ячыл күрөшкө айланат. Реакциячыл күчтөр АКШнын колдоосуна таянып, буга каршы аскердик хунта түзөт, АКШ 1965-ж. Д. Р-на каршы куралдуу интервенция баштайт. Ошо мезгилден бери Д. Р-ндагы прогрессчил, патриоттук күчтөрдүн реакциячыл тартипке каршы кыймылы улам кулач жаюуда. Реформачыл партия, 1964-ж. түзүлгөн. Помещиктер м-н буржуазиянын ж-а АКШнын империалистте-ри м-н байланышы бар реакциячыл аскер чөйрөсүнүн мүдөөсүн көздөйт. Доминикан революциячыл партиясы — 1939-ж. эмиграцияда түзүлүп, буржуазиянын майда өкүлдөрүн, прогрессчил интеллигенцияны, студенттерди бириктирген оппозициялык партия. Доминикан коммунисттик партиясы, 1944-ж. негизделген. ‘ Эркин эмгекчилердин улуттук конф е дерациясы — профсоюздук бирикме. Д. Р-нда бир катар’ башка саясий партиялар ж-а профсоюздук уюмдар бар. Экономикасы. Д. Р.— экономикасы начар өнүккөн агрардык өлкө. Экономикасы негизинен АКШнын капи-талына көз каранды. Жеринин 1/4 бөлүгү иштетилет. Бал камыш (өлкөнүн түш.-чыгыш түздүгундө), какао-боб (Сибао ойдуңунда), кофе (өлкөнүн түш.-чыгышында ж-а Вега-Реаль түздүгүндө), тамеки, банан, өзүлөрүнүн муктаждыгы үчүн жүгөрү, шалы, маниок, батат эгилет. Тамак-аш (негизинен кант чыгаруу), тоо-кен (боксит, темир, никель рудалары кагылат) ө. ж. өнүккөн. Электр энергиясы сырттан алып келинген отун м-н иштейт. О. эле цемент, тамеки, текстиль, хим., жыгач тилүү ж. б. ишканалары бар. Ө. ж. ишканалары Санто-Доминго, Сан-Кристобаль, Сантьяго ш-ларында жайгашкан. Автомобиль жолунун-уз. 4,7 миң км (1968), т. ж-дун уз. 1,2 миң км. Ири портто-ру: Санто-Доминго, Пуэрто-Плата. Сыртка кант (экспорттун 1/2), кофе, какао, боксит, тамеки чыгарат. Машина ж-а жабдуулар, отун, дары-дармек, азык-түлүк, текстиль, хим.. товарлар импорттолот. Негизги соода шериктери: АКШ, ГФР, Япония. Акча бирдиги-—песо (АКШнын 1 дол—ларьгаа барабар, 1971-ж. ноябрь). Маданияты. Д. Р-нда 60-жылдары калктын 36% сабатсыз болгон. 7—14 жаштагы балдардын милдеттүү окуусу ж-дөгү 1951-жылдаты закон иш жүзүнө аткарыла элек. Билим берүүдө католик дининин таасири күчтүү. Балдар 4—7 жашка чейин мектепке чейинки мекемелерде тарбияла-нат. 7 жаштан 6 жылдык башталгыч мектепке (айылда 3 жылдык) кабыл алынат. Орто мектеби 6 жылдык,, эки баскычка бөлүнөт. 1970—71-окуу жылында башталгыч мектептерде 773,4 миң, орто мектептерде (эки баскычында тең) 107 миң окуучу окуган. Кесипке даярдоо төмөнкү баш» талгыч мектеп базасында, орто тех. 1-баскычтагы орто мектеп базасында жүргүзүлөт. 1970—71-окуу жылында 4. миңден ашуун окуучу тех. кесиптик билим алган. Башталгыч мектеп мугалимдерин 2—3 жыл ичинде 4 жылдык орто мектеп даярдайт. Ири ун-ти Сантр-Домингодогу ун-т (1538), 1973—74-окуу жылында анда 23 миңден ашуун студент окуган. 1962-ж. Сантьягодо Католик ун-ти, 1966-ж. Санто-Домингодо Улуттук ун-т ачылган. Чоң китепканалары ж-а музейлери: СаДто-Доминго ун-тинин китепканасы (1538), Улуттук китепкана, Улуттук музей (1927), Санто-Доминго Улуттук азем енор музейи (1943). 1972-ж. 20 газета-журналы болгон. Ири газеталары Санто-Домингодон чыгат: «Карибе» (1948), «Насиональ» (1966), «Ли-стин диарио» (1889), «Пренса либре» (1962), Доминикан коммунисттик партиясынын органы—«Популар» (1946, жашырын чыгат). Өлкөдө 90 радиостанция (1971) бар, анын бирөө гана өкмөттүкү. Уктуруу испан тилинде. Өкмөттүк офиц. радио ж-а телестанциясы — «Радио-теле-висьон доминикана». Ад-ты негизинен испан тилинде өнү-гүүдө. Ага негиз салуучу — Ф. М. дель Монте (1819—99). Д. Р-нын ад-тынын өз алдынчалыгын аныктоо максатында жазуучулар жерг. эл (индеецтер) ж-дөгү эскертүүлөргө кайрылышкан. Бул 19-к-дын 2-жарымында да негизги тема бойдон кала берген. М. де Х. Гальван (1834— 1911) испандардын Вест-Индияны кара-туудагы тарыхынан алып «Энрикильо» романын жазган. 20-к-дын баш ченинде ад-ттагы модернизм дин айдыңы О. Ба-зиль (1884—1946) м-н А. Лугонун (1870— 1952; чыг-ларынан көрүнөт. Диктаторлор-дун катаал бийлиги, АКШ аскерлеринин Д. Р-н оккупациялашы (1916—24) ад-тта каршылык көрсөтүү мотивдерин күчөтөт. Трухилъо диктатурасы жазуучулардын көбүн эмиграцияда жашоого аргасыз кылат. А. Ф. Рекенанын (1908—52) «Жер душманы» (1936), «Алоолонгон сапар» (1941), «Бейит белгиси жок көрүстөн» (1949), Р. Марреро Аристинин (1913-ж. т.) «Ашыкча пайда» (1939) романдарында элдин нааразылыгы көрсөтүлгөн. Э. Инчаустеги Кабраль (1912-ж. т.), Пед-ро Мир (1913-ж. т.) ж-а М. дель Каб-ралдын (1907-ж. т.) «Кара тропик», «Курбум Мон» (1943) деген ырларында социалдык нааразылык бар. 16-к-га чейин Д. Р-нын жеринде индеецтер иск-восу өнүгүп келген. 15-к-дын аягы ■— 16-к-дын башында испан баскын-чылары соңку готика ж-а Адепки Кайра жаралуу доорунун стилинде Санто-До-минго ж. б. ш-ларды курушат. Чеп түрүндөгү таш имараттар (Д. Колумб дво-реци, собор, арсенал ж. б.), короолуу 2 кабат турак үйлөр курулган. 20-к-дан имараттар ж-а айрым райондор АКШ арх-расынын үлгүсүндө курула баштады. Д. Р-нын азыркы живописинде (Д- Суро, Х. Кольсон, Х. Энандес Ортега) европ. ж-а амер. модернисттик агымдар-дын таасири бар. Улуттук реалисттик образдар С. Вос-и-Хиль, А. Бонилья, Х. О. Морель ж. б. живописчилердин чыг-ларында түзүлгөн.

Ад.:   Гонионский С. А., Очерки новейшей истории стран Латинской Америки, М., 1964; Горохов Ю. П., Доминиканская Республика и американский империализм, М., 1970; Художественная литература Латинской Америки в русской печати, 1765—1959, Библиография [Сост. Л. А. Шур], М., 1960, с. 119—20.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *