ДОМЕНДЕР

от2020

Дек 1, 2020

1) ферромагнит-ТҮҮ Д- (өзүнөн өзү магниттелиш областы) — ферромагнетиктердин (сызыктуу өлчөмү ~ 10~3— 10-2 см) көлөмүнүн каныкканга чейин магнит-телген бөлүгү; ал Кюри темп-расы-нан төмөн болгондо пайда болот. Д-дин магниттелиш векторлору сырткы магнит талаасы жок учурда, ферро-магниттүү заттын натыйжалоочу маг-ниттелиши нөл болгондой багытталат. Ферромагнетиктин бетине фер^ ромагниттүү күкүм суспензиясын сыйпап, аны микроскоп м-н караганда Д-дин четине күкүм бөлүкчөлөрү жайгашып, анын контуру даана көрүнөт. Д-дин структурасын изилдөөдө магнит-оптикалык метод да колдонулат (к. Repp эффектиси, Фарадей эффектиси). Ферромагнетиктерди Д-ге бөлүү төмөнкү себеп м-н түшүндүрүлөт: эгер ферромагнетик бүт бойдон бир багытта каныкканга чейин магниттелсе, анда анын бетинде магнит уюлдары пайда болуп, анын айланасында магнит талаасы түзүлмөк. Бул ферромагнетиктерди Д-ге бөлүүгө караганда көп энергияны талап кылат. Көлөмү ж-а темп-расы турук- туу болгон ферромагнетиктерде эркин энергиясы эң аз болгон домен-дик структуралары гана пайда болот. 2) С ег н е т о э л е к т р д ү ү Д. — сегнетоэлектриктерде өзүнөн өзү по-ляризациялануучу бир тектүү аймак. Сырткы электр талаасы жок учурда сегнетоэлектриктердии поляризация-ланышы анын негизги өзгөчөлүгү. Бирок, сегнетоэлектрик кристаллдары бир тектүү поляризацияланбайт. Алар дайыма Д-ден турат, б. а. бир домен-дүүгө караганда көп домендүү абалда ал кристаллдар аз энергияга ээ болот (к. Сегнетоэлектр). Д-дин болушу сегнетоэлектриктердии бардык касиетине (айрыкча электр касиетине) чоң таасирин тийгизет. Д. түрдүү методдор м-н изилденет. Д-дин структурасы ж-дө маанилүү маалыматтар поляризация микроскобунун жардамы м-н оптикалык метод аркылуу алынган. 3) Жарым өткөргүчтүн ичиндеги салыштырма каршылыгы ж-а электр талаасынын чыцалышы ар кандай болгон бөлүгү да Д. деп аталат.

Ад.:   Вонеовский С. В., Магнетизм, М., 1971.

от 2020