ДОЛУХАНОВА Зара

(Заруи Агасьев-на; 15. 3. 1918-ж. т.) — сов. ырчы (меццо-сопрано). Армян ССР (1955), РСФСР (1956) эл артисти. 1957-ж. Гнесиндер атн. муз.-пед. ин-тту бүтүргөн. Чыг-лык ишин 1939-я?. Ере-вандагы Спендиаров атн. опера ж-а балет театрында баштаган. Кийин концерттик ырчы катары таанылат. 1944-жылдан Бүткүл союздук радио уктуруу м-н телекөрсөтүүнүн, 1959-жылдан Москва филармониясынын солисти. Д.— сов. вокал өнөрүнүн ири өкүлү. Ал айрыкча И. С. Бах, Г. Ф. Гендель, Ж. Берди, С. В. Рахманинов-дордун чыг-ларын чебер аткарат. Д. дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. СССР мамл. сыйлыгынын (1951), Лениндик сыйлыктын (1966) лауреаты.

Ад.:   Михайловская Н., Зара Долуханова, М., 1960.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *