ДОЛОН

 —Ички Тянь-Шандагы Кара-Жорго тоосунун батышындагы ашуу. Бийикт. 3030 м. Жубан-Арык (Жоон-Арык) суусунун башындагы Сары-Булактын кайкысы м-н көтөрүлөт. Негизинен палеозой заманынын аки таш, гранит, сиенит, сланец тоо тек-теринен турат. Ашуу м-н Рыбачье — Нарын автомобиль жолу өтүп, Ысык-Көл, Кочкор өрөөндөрүн Нарын обл-н-дагы Ат-Башы, Ак-Талаа, Тогуз-Торо р-ндору м-н байлаиыштырат. Д. субальп тилкесинде, метеорол. станция бар.

ДОЛОН — Ысык-Көл обл-нын Түп р-нундагы Арал сельсоветине караштуу кыштак. XXII партсъезд атн. к-здун аймагында. Райондун борбору Түптөн 10 км чыгыш тарапта, Рыбачье т. ж. станциясынан 197 км. Калкы 616 (1976). Сегиз жылдык мектеп, медпункт, клуб бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *