ДОЛОНО

от2020

Дек 1, 2020

— Ош обл-нын Кара-Суу р-нундагы Кызыл-Суу сельсоветине караштуу кыштак. Таширов атн. к-здун аймагында. Райондун борбору Кара-Суу ш. ж-а т. ж. станциясынан 67 км чыгыш тарапта. Калкы 330 (1976). Орто мектеп бар.

ДОЛОНО (Crataegus) — роза гүлдүү-лөр тукумундагы уруу; бадал ж-а дарак. Өркуну тикендүү, жалбырагы жөнөкөй. Гүлдөрү ак. Топ гүлү капканча же чачы сыяктуу. Ашы сүйрү же тоголок. Өңү көбүнчө кызыл, кызгылт сары же кара. Д-нун 200гө жакын түрү мелүүн областтарда, Түн. Америкада ж-а Евразияда таралган. СССРде 50, анын 7 түрү Кырг-нда өсөт. Катуу сөңгөгүнөн майда буюмдар жасалат. Парктарды, скверлерди кооздоо үчүн шагын ар кандай формада кесип өстүрүшөт. Анын мөмөсү-нөн жасалган экстракт, гүлүнөн алынган маңызы медицинада жүрөк, невроз ж-а гипертония ооруларын дарылоодо колдонулат.

от 2020