[15 (27). 10.1899-ж. т., Омельник кыш., азыркы Запорожье обл., Орехов р-ну] — сов. илимпоз-энергетик, СССР ИАнын акад. (1962; корр. мүчөсү, 1953), Соц. Эмг. Баатыры (1949). Москва жог. тех. окуу жайын 1923-ж. бүтүргөн. 1932—34-ж. Ленинграддагы азоттук машина куруу з-дунун техник директору. 1935—38-ж. Киевдеги «Большевик» з-дунун башкы инженера, 1942—53-ж. Москвадагы хим. машина куруу ил. из. ин-тунун, 1953-жылдан Ил. из. ин-тунуи директору. Поршендүү компрессордун өзү иштөөчү клапандарынын теориясын түзгөн. Д.— дүйнөдөгү биринчи атом электр станциясынын реакторунун башкы конструктору. СССР мамл. сыйлыктын (1949, 1952, 1953, 1970) ж-а Лениндик сыйлыктын (1957) лауреаты. Төрт Ленин ордени, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

от 2020