ДОЛЕРИТ

(гр. doleros — өзгөрүлмө, алдамчы) — базальт составындагы толук кристаллдашкан магмалык тоо тек. Структуралык түзүлүшү ири кристаллдуу (офиттүү). Негизинен плагиоклаз (көбүнчө Лабрадор) м-н| пироксенден, кээде оливинден турат (составында айнек сымал заттар ке-J зикпейт). Д. ири лава агымдарынын же тарамдардын борб. бөлүктөрүндө магмадан балкып чыккан базальт эриндилерииин жай сууп катуула-нуусунан пайда болот. Ал курулушта кум-шагылдарды даярдоодо колдонулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *