[17. 2 (1. 3). 1846, Милюково кыш., азыркы Смоленск обл., Сычёв р-ну — 26. 10. 1903, Петербург] — орус табиятчы илимпозу, азыркы илимий генет. топурак таануунун ж-а зоналык агро-номиянын негиздөөчүсү. 187 Гж. Петербург ун-тинин физ.-матем. ф-тети-нин табият таануу бөлү-мүн бүтүргөн. 1872-ж. Петербургдагы табият таануу коомунун, 1873-ж. минералогия коомунун анык мүчөсү. 1874-ж. табият таануу коомунун геол. ж-а минералогия бөлүмүнүн секретары. Д. Петербург ун-тинде доцент (1880), кийинчерээк проф. (1883); минералогия ж-а кристаллография б-ча лекция окуган. Д. дүйнөдө 1-жолу топурак ж-дөгү түшүнүктү, анын генезисин аныктап, касиетин ж-а асылдуулугун жогорулатуу маселелерин изилдеген. 1882—86-ж. Д-дин жетекчилиги м-н Нижегород губ-нын жеринин сапатын аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүлгөн. Буга байланыштуу дан эгиндеринин түшүмү ж-а кык семирткичинин таасири текшерилген. Д. топурактын геол. картасын түзүп, топуракты бо-нитировкалоо методун негиздеген. 1889-ж. Париждеги Бүткүл дүйн. көргөзмөдө орус жеринин топурак кол-лекциясы ж-а Д-дин эмгектери көрсөтүлгөн, ал жогору бааланып, алтын медаль м-н сыйланган. «Биздин талаалар мурда жана азыр» (1892) аттуу китебинде Д. кургакчылыкка каршы күрөшүү чараларын белгилеген. 1946-ж. туулганына 100 жыл толгонуна байланыштуу В. В. Докучаев атн. алтын медаль сыйлыгы белгиленген. Анын ысмы бир катар ил. из. ин-т-тарга коюлган.

Чыг.:  Избр. соч., т. 1—3, М., 1948—49; Соч., т. 1—9, М., 1949—61.

Ад.:   Полынов Б. Б., .Крупеников И. А., Крупеников Л. А., Василий Васильевич Докучаев. Очерк жизни и творчество, М., 1956.

от 2020