ДОГМАТИЗМ

 — ойлоонун бир методу; ал мурда жаралган жобону (ой-пикирди) текшербей эле кабыл алат, даяр (эски) формулаларга таянганда конкреттүү тарыхый шарттын өзгөрүшүн эсепке албайт. Д. терминин чындыкты билүү мүмкүнчүлүгүн танган байыркы грек скептиктери Пир-рон м-н Зенон колдонгон. Алар нерселердин субстанциялары ж-дө туура тыянак чыгарган философторду д о г-матиктер деп аташкан. Д. диндердин баарына, күнү бүткөн ж-а өлүп бараткан таптардын таламда-рын жактаган бардык реакциячыл теорияларга мүнөздүү. Эгерде конкреттүү тарыхый шарттарга байланышсыз каралса, ар кандай эле теория же жобо догмата айланышы мүмкүн. Мис, 2-Интернационалдын социалдык теориясы конкреттүү мезгилдин өзгөчөлүктөрүн, ар түрдүү өл-көлөрдөгү жумушчу кыймылынын тиги же бул шарттарын түзүүчү тен-денцияларын же белгилерин эсепке алган эмес, ошонун айынан Д-ге батып калган. Д. оппортунизмдин оң-чулуна да, солчулуна да бирдей тиешелүү. Ашынган Д. маочулардын азыркы идеологиясында ж-а практи-касында ачык көрүнөт. Маркстик-лениндик теория—догма эмес, иш-аракетке жетекчи ж-а диа-лек. колдонмо. Марксизм-ленинизм классиктери догматтык көз караштар-га, марксизмди бурмалоого дайыма каршы күрөшкөн. КПССтин Программасында марксизм-ленинизмдин тазалыгын сактап калуу үчүн ревизио-низмге ж-а догматизмге. Каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү зарылчылыгы айтылган.

Ад.:   Ленин В. И., Тактика жөнүндө кат, Чыг., кырг. 1-бас, 24-т.; ошону-к у, Коммунизмде «солчулдуктун» балалык оорусу, Чыг., кырг. 1-бас, 31-т.; КПССтин Программасы, Фр., 1972; Международное совещание коммунистических и рабочих партий. Документы и материалы, М., 1969.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *