[30. 8(11. 9). 1894, Сосницы кыш., азыркы Чернигов обл.— 25. 11. 1956, Москва] — украин совет кинорежиссёру, жазуучу, кинодраматург, РСФСР эл артисти (1950). 1914-ж. Глухов мугалимдер ин-тун бүтүргөн. Окт. рев-ясынан кийин Украин эл агартуу комиссариатында иштеп, сүрөтчү катары газета-журнал ишине катышкан. «Реформатор Вася» фильмине (1926) сценарий жазып, ага режиссёр болгон. Д-нун таланты өзгөчө «Зве-нигора» (1928) фильминен айкын көрүнгөн. Анын тарыхый-рев-ялык «Арсенал-» (1929), Украинадагы коллективдешүү күрөшүн көрсөткөн «Жер» (1930), алгачкы үндүү фильмдерден «Иван» (1932) ж-а гражд. согуш темасындагы «Щорс» (1939; СССРмамл. сыйл., 1941) фильмдери көрүүчүлөргө кеңири белгилүү. Улуу Ата Мек. согуш жылдарында аскер кабарчысы болуп жүрүп, публ. макала, очерк, аңгемелер жазган. «Боштондукка чыгаруу» (1940), «Биздин советтик Украина үчүн салгылаш» (1943) ж. б. документ фильмдери — публицистика кинонун мыкты үлгүлөрү. Согуштан кийин Д. «Гүлдөгөн өмүр» аттуу пьеса ж-а сценарий жазып, ал б-ча «Мичурин» (1949; СССР мамл. сыйл., 1949) фильмин тарткан. Д-го «Деңиз жөнүндө поэма» (1959) фильмине жазган сценарий үчүн өлгөндөн кийин 1959-ж. Лениндик сыйлык ыйгарылган. Д. 1949—51- ж-а 1955-жыл-дан ВГИКте сабак берген. Д. советтик ж-а дүйн. кино өнөрдүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Киевдеги көркөм фильмдер студиясы Д-нун ысымында. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.:  Собр. соч., т. 1—4., М., 1966—69.

Ад.:   Эстетические уроки Довженко, в кн.: Не иллюстрация — открытие, М., 1969; Б а р а б а ш Ю., Довженко, М., 1968; Марьямов А., Довженко, М., 1968 (библ. и фильмогр., с. 378—82).

от 2020