[7(20). 2. 1903 — 19. 12. 1941] — Сов. Союз. Баатыры (1941, өлгөндөн кийин), генерал-майор (1941). 1928-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1924-ж. ыктыяры м-н Кызыл Армияга кирип, атчан аскер окуу жайын (1926), М. В. Фрунзе атн. Аскердик академияны (1939) бүтүргөн. Ата Мек. согуштун башталышында Смоленск обл-нда душман тылына рейд жасаган атчандар тобуна, кийин Москваны коргоого катышкан. Үчүнчү ж-а 2-атчан аскер корпустарынын командачысы. Москва жанындагы (Рузадагы) салгылашууда баатырларча курман болгон. Ленин ордени, башка 2 орден м-н сыйланган. i

от 2020