[24. 1(5. 2). 1836, Нижний Новгород (азыркы Горький) — 17 (29). 11. 1861, Петербург] — орус адабий сынчысы, публицист, ойчул, революционер-демократ. Дин кызматкеринин үй-булөсүнөн. Духовный семинарияда (1848—53) окуп, 1857-ж. Петербургда-гы Башкы пед. ин-тту бүтүргөн. Студент кезинде жашырын ийрим уюштуруп, «Слухи» деген кол жазма газета чыгарган ж-а ин-ттун реакционер администрациясына каршы студенттердин курөшүнө башчылык кылган. «Н. И. Гречтин 50 жылдык юбилейине» (1854), «Николай I өлүмүнө ода» (1855) ж. б. рев-ялык мүнөздөгү ырларын жазган. 1856-ж. Н. Г. Чернышевский, кийин Н. А. Некрасов м-н таанышып, «Современник» журналында алар м-н кызматташ болгон. 1858-ж. жарыяланган «Орус адабиятынын өнүгүшүндө • элдүүлүктун катышы тууралуу», «Улуу Петрдун падышачылыгынын алгачкы жылдары», «Жеребцов ойлоп тапкан орус цивилизациясы» өңдүү макалаларында Д-дун адабий-эстетикалык, тарыхый ж-а филос. көз караштары айкын көрүнгөн. 1859—60-ж. жарык көргөн адабий сын макалаларында («Обло-мовчулук деген эмне?», «Караңгы дүйнөдөгү жарык шоола», «Чыныгы күн качан келет?») Россияда өкүм сүргөн деспотизмге, наадандыкка, крепостной түзүлүшкө каршы чыккан. В. Г. Белинский м-н Н. Г. Чер-нышевскийдин эстетикалык принциптерин чыг-лык м-н өнүктүргөн. Көркөм чыг-ларга талдоо жасоодогу өз методун «реалдуу сын» деп атап, талантынын бүткүл күчүн ад-ттагы реалисттик ж-а элдүүлүк принциптерин, граждандуулук идеяларын коргоого жумшаган. Чернышевский м-н катар Д. да Россиядагы дыйкандар рев-ясынын жарчысы болгон. Россиянын артта калуу себебин монархиялык тузулүштөн, крепостной системадан көргөн. Ай-; рым макалаларында («Роберт Оуэн жана айын коомду өзгөртүүгө жасаган аракеттери» ж. б.) крепостной системасына караганда капитализм прогрессчил экенин көрсөтүп, бирок Россия үчүн экон. өнүгүүнүн эмгекчилер капит. эзүугө дуушар болбогондой башка жолун табууга умтулган. Д.— социалист-утопист ж-а агартуучу, бирок анын утопиясы практи-! калык аракеттерге тыгыз байланышкан. Ал тарыхый эмгектеринде тарыхты жаратуучулар ж-а анын не-; гизги кыймылдаткыч күчү эл массасы деп эсептеген. Тарыхый өнүгүш-түн закон ченемин тааныган, бирок тарыхый прогрессти идеалисттик мүнөздө түшүндүргөн. Анын тарыхый көз караштарында матер, тенденциялар болгон. Д-дун адабий чыг-лыгы орус адабий сыны эстетикасы ж-а публицис-тикасынын тарыхында терең из калтырган. Анын рев-ялык ишмердигин Маркс, Энгельс, Ленин жогору баалашкан. Д-дун айрым адабий сын макалалары кыргыз тилине которулган. Сынчынын эстетикалык принциптери, көз караштары кыргыз адабий сыны-нын өсүшүнө таасирин тийгизди.

Ад.:   Ленин В. И., О литературе и искусстве, 4 изд., М., 1969; Б у р с о в Б. Д., Вопросы реализма в эстетике революционных демократов, М., 1953; Ж д а-нов В. В., Добролюбов, 3 изд., М., 1961.

от 2020