ДНЕСТР

от2020

Дек 1, 2020

— Украина м-н Молдавияда-гы дарыя. Уз. 1352 км, алабынын аянты 72 100 км2. Карпат тоолорунун түн. капталынан башталып, Кара деңиздеги Днестр лиманына куят. Баш жагында шар, Галич ш-нан төмөн жай агат. Ири куймалары: Стрый, Реут (оң), Серет, Збруч (сол). Кар ж-а жамгыр сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы Бендеры ш-на жакын 310 м3/сек. Галич ш-на чейин кеме жүрөт. Башкы пристандары: Могилёв-Подольский, Сороки, Бендеры, Тирасполь. Д-де Дубоссар ГЭСи ж-а суу сактагычы бар.

от 2020