(1926-жылга чейин Екатеринослав) — УССРдин Днепропетровский обл-нын борбору. Шаардын көпчүлүк бөлүгү Днепрдин оң жээгинде. Калкы 941 миң (1974). Д. 6 районго бөлүнөт. Т. ж. тоому. УССРдин оор ө. ж. борборунун бири. Ө. ж-нын негизги тармагы — кара металлургия, машина куруу. Г. И. Петровский ж-а Коминтерн атн. металлургиялык, оор пресс, а. ч. машиналары, электровоз, станок жасоо, кагаз өндүрүшүнө керектүү машиналар жасоочу з-ддор • иштейт. Курулуш материалдар, жыгач иштетүү, кагаз, тамак-аш, жеңил ө. ж. бар. Д. 1783-ж. негизделген. Шаарда 1890-ж. маркстик кружок пайда болгон. 1897-ж. «Жумушчу табын эркиндикке чыгаруу үчүн күрөш союзу» уюшулган (И. В. Бабушкин, П. А. Морозов ж. б. уюштурган). 1905—07-жылдагы рев-яга шаар жумушчулары, активдүү катышкан (Г. И. Петровский башында турган). Шаарга 1926-ж. Г. И. Петровскийдин ысымы коюлган. Д. эмгекчилеринин рев-ялык кыймылда, немең баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн эрдиктериж-а эмгектеги ийгиликтери жогору бааланып, шаар 200 жылдыгына байланыштуу Ленин ордени м-н сыйланган (1976). Шаарда 8 жог. окуу жайы (ун-т, тоо-кен, металлургия, химия, мед. ж. б.), 25 атайын окуу жайы, тарыхый-край таануу, көркөм музейлер ж-а 4 театр бар.

от 2020