Г. И. Петровский атн.— СССРде чоюн, болот ж-а прокат чыгаруучу эң эски ишканалардын бири. Днепропетровск ш-нда жайгашкан (УССР). Заводдун курулушу 1885-ж. башталып, домна меши 1887-ж. пайдаланууга берилген. 1894-ж. бул жерде маркстик кружок уюштурулуп, И. В. Бабушкин, Г. И. Петровский ж. б-лар рев-ялык иш жүргүзгөн. Завод жумушчулары 1905—07-жыл-дагы рев-яга ж-а 1917-ж. Окт. рев-я-сына активдүү катышкан. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Д. м. з-нун металлургдары өлкөдө металлургия, машина куруучу эски ишканаларды калыбына келтирүү, жаңыларын куруу ж-а аларга кадр даярдоого жардамдашкан. Завод Улуу Ата Мек. согуш башталганда (1941) көчүрүлүп, Днепропетровск фашист баскынчылардан бошотулганда (1943) кайрадан калыбына келтирилген. Согуштан кийин металлургия-технол.’ процесстери жакшыртылып, өндүрүш көлөмү кеңейтилген. Завод Ленин ордени м-н сыйланган (1966).

 

от 2020