ДНЕПРОПЕТРОВСКИЙ ОБЛАСТЫ

 УССРде 1932-ж. 27-февралда түзүлгөн. Украинанын түш.-чыгыш бөлүгүндө, Днепрдин ортоңку ж-а төмөнкү алабында. Аянты 31,9 миң км2. Калкы 3570,5 миң (1976). Областта 20 админ. р-н, 19 шаар, 56 ш. т. посёлка, 219 сельсовет бар. Борбору — Днепропетровск ш. Жери түзөң. Климаты мелүүн кон-тиненттик. Январдын орт. темп-расы —5°тан —6,5°Сге чейин. Июлда 22—23,5°С Жылдык жаан-чачыны 450 мм. Ири суулары Днөир ж-а анын куймалары: Базавлук, Мокрая Сура, Ингулец, Орел, Самара. Жери кара, кара күрөң, дарыя өндүрлөрү шал-баалуу-кара ж-а күл топурактуу. Аянтынын 2,6 %ин токой ээлейт. Калкынын көбү украин, о. эле орус, еврей, белорус ж. б. улуттар да бар. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 111,8 киши (1976). Шаар калкы 79%ти түзөт. Ири шаарлары: Днепропетровск, Кривой Рог, Днепродзержинск, Никополь, Павлоград, Новомосковск. Д. о-нын ө. ж. жакшы өнүккөн. Ө. ж-нын негизги тармактары: тоо-кен (темир рудасы Кривой Рог бассей-нинде), марганец рудасы (Никополь кенинде), металлургия ж-а машина куруу (металл жабдуулары, металл конструкциялары, а. ч. машиналары, т. ж. ж-а тоо-кен жабдуулары, курулуш ж-а жол машиналары) ишканалары ж. б. Таш көмүр, кокс химия, нефть химия, курулуш материал, жыгач иштетүү ж-а тамак-аш, жеңил ө. ж. өнүккөн. Днепропетровск, Кривой Рог, Днепродзержинск ГРЭСи, Днепродзержинск ГЭСи, Шебелинка—Днепропетровск, Кривой Рог газ жүргү-чү бар. А. ч-да күздүк буудай, жаздык арпа, тех. өсүмдүктөр (күн карама, кант кызылча, кара куурай), бакчачылык, багбанчылык алдыңкы орунда турат. Эт-сүт багытындагы мал чарбасы өнүккөн. Областта т. ж. (уз. 1582 км, 1976) тармагы жыш, автомобиль жолунун (уз. 8151 км, 1976) мааниси чоң. 1975—76-окуу жылында 1410 мектеп (585,7 миң окуучу), 60 профтех. (29 миң), 68 атайын орто (73,1 миң) ж-а 11 жог. окуу жайы (73,1 миң студент); 1135 китепкана, 997 клуб^ 5 музей, 6 театр болгон. Областтык «Заря» (1917-жыл-дан), «Прапор юности» (1921), «Днепропетровская правда» (1938) газе-талары чыгат. 1976-ж. Д. о-нда 44,0 миң орундуу 228 ооруканада 11,9 миң врач иштеген.

Ад.:   Калинина П. Ф. [и др.], Дне-пропетровщина. Природа и экономика, Днепропетровск, 1959; Днепропетровск. Путеводитель — справочник, Днепропетровск, 1970; Днепропетровск сегодня и завтра, Днепропетровск, 1973; Мое Приднепровье, [Фотоальбом], М., 1974.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *