ДНЕПРОДЗЕРЖИНСК

(1936-жылга чейин Каменский) — УССРдин Днепропетровский обл-ндагы шаар. Калкы 248 миң (1976). Днепрдеги порт, т. ж. станциясы. Металлургия, машина куруу (вагон куруучу з-д ж. б.), химия ж-а кокс-химия, тамак-аш ө. ж. тармактары иштейт. Ин-дустр. ин-т, 6 техникум (металлургиялык, энергетикалык, индустр. ж. б.), мед., муз. окуу жайлары, тарых музейи бар. Д. 1750-жылдан белгилүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *