Днепр д-н-дагы электр станцияларынын каскады. Алты ГЭСтен турат, долбоордогу жалпы кубаттуулугу 3780 Мвт, жылына орто эсеп м-н 9,8 млрд кет-с энергия чыгарат. 1) Каскаддын жог. баскычы — Киев ГЭСи, 1968-ж. ишке берилген. Жалпы кубаттуулугу 551 Мвт. 2) Канев ГЭСи (1971) курулуу-да (420 Мвт). 3) Кременчуг ГЭСи (625 Мвт) пайдаланууга 1960-ж. берилген. 4) Днепродзержинск ГЭСин (352 Мвт) куруу 1964-ж. аяктаган. 5) В. И. Ленин атн. Днепр ГЭСи (650 Мвт) 1932-ж. ишке кирген. 6) Каховка ГЭСи (351 Мвт) 1956-ж. курулуп бүткөн. Каскаддын бардык ГЭСи СССРдин европ. бөлүгүнүн Бирдиктүү энергосистемасына бириккен. Д. к-нын негизинде чоң суу сактагычтар курулуп, Днепр д-нын суусу Украи-нанын түштүгү м-п Крым ж. а-нын түндүгүндө сугатка пайдаланылууда.

от 2020