— электр тогун начар өткөрүүчү заттар. Электр тогун өткөрбөгөн заттарды аташ үчүн Д. терминин илимге М. Фарадей киргизген (1839). Бардык заттар электр тогун өткөрүүсунө жараша өткөргүч-төр, өткөрбөгучтөр (Д.) ж-а жарым өткөргучтөргө бөлүнөт. Электр талаасындагы ар кандай заттарга электр талаасынын күчү таасир этет. Сырткы электр талаасынын аракети аркасында заряддардын белгилүү багытта кыймылдашынан электр тогу пайда болгон заттар өткөргүчтөр деп аталат. Аларга металлдар, электро-литтер ж-а плазма кирет. Эгер электр талаасы затка таасир эткенде анын оц ж-а терс заряддары бир бирине карата жылытып кайра бөлүнүшсө, заттын поляризациясы деп аталат. Сырткы электростатикалык талаа Д-де поляризация кубулушун пайда кылат. Д. табиятта «З агрегат-тык абалда — катуу, суюк ж-а газ түрүндө кезигет. Катуу Д-ге эбонит, табигый кварц, полиэтилен, слюда, электрофарфор, мрамор ж. б. кирет. Д-дин электр өткөргүчтүгү металл-дарга Караганда өтө аз ж-а анын салыштырма каршылыгы р = 108—1017 ом-см, металлдардыкы р~10—10-4 ом-см. Касиети электр өткөргүчтүк ж-а поляризация процесстери м-н аныкталуучу, бирок толугу м-н металлга же Д-ге кошулбаган заттар жарым ө т к о р г ү ч т ө р деп аталат. Классикалык физикада катуу Д. м-н металлдардын электр өткөргүчтө-рүндө сан жагынан чоң айырма болушун металлдарда электрондор эркин, ал эми Д-де бардык электрондор өзүнө тиешелүү атомдор м-н байланышкан абалда болуп, сырткы талаанын аракеттеринен анча-мынча жылытат деп түшүндүрүүгө аракеттенишкен. Бирок мындай түшүндүрүү так эмес. Квант механиканын теория-сы б-ча катуу заттардын ар бир электрону бүтүндөй бул затка тиешелүү. Бул жобо Д. ж-а металлдар үчүн да туура деп эсептелинет. Металлдарда ж-а Д-де электрондордун түрдүү абалда болушунун себеби, ал электрондордун энергиялык деңгээлдер б-ча ар кандай санда бөлүнүшү м-н түшүндүрүлөт. Катуу нерселерде электрондордун энергиясы каалаган мааниге ээ боло албайт. Электрон ээ болуучу энергия областы (өткөөл зона) электрон ээ боло албаган энергиялык интервал-дар (тоскоол зона) м-н бөлүнгөн. Электрондор энергиясы эң аз деңгээлге жайланышууга умтулат ж-а кандайдыр бир абалда бир гана электрон болушу мүмкүн. Ошондуктан алар нөл деңгээлден тартып кандайдыр эң чоң маанидеги энергетикалык деңгээлге чейин электрондор толук-тала берет. Д-де электрон м-н толтурулган энергетикалык деңгээл өткөөл зоналардын биринин жог. чегине дал келет (к. сүрөт). Металлдарда электрондор м-н толтурулган жог. энергетикалык деңгээл өткөөл зона-нын ичинде жатат. Электр талаасынын аракетинен катуу нерселерде ток пайда болсун үчүн (электрондун багытталган кыймылы) талаанын таасиринен электрондордун бир далайыйын энергиясынын көбөйүүсү, б. а. төмөнкү энергетикалык деңгээлден жог. деңгээлге өтүшү керек. Металлдарда бош деңгээл толук деңгээлдерге жанаша жайгашкандыктан мындай өтүштүн болушу ыктымал. Ал эми Д-де бош энергетикалык деңгээлдер бири биринен толук тоскоол зона м-н бөлүнгөн. Ошондуктан кадимки электр талаасынын таасиринен аракеттенгенде Д-дин электрондору тоскоол зонадан өтө албайт. Сырткы электр талаасынын аракетинен Д-дин электрондорунун тыгыздыгы өзгөрүп, ал электрондор унун энергия деңгээлдери тоскоол зона м-н ажыратылган өткөөл (валенттүу ж-а өткөргүч) зона-ларга бөлүнөт. диэлектрик поляризацияланат. Жарым өткөргүчтөрдө электрондордун энергия деңгээли б-ча бөлүнүшү Д-ге окшош. Ал Д-ден тоскоол зонасынып кууштугу м-н айырмаланат (к. сүрөт). Д. илим м-н техникада электр изоляция катары, ал эми диэлектрик кристаллдар (пьезоэлектрик, сегне-тоэлектрик) квант электроникасында колдонулат.

Ад.:   Калашников С. Г., Электричество, 2 изд., М., 1964; С к а н а в и Г. И., Физика диэлектриков (Область слабых полей), М.—Л., 1949; его же, Физика диэлектриков (Область сильных полей), М., 1958.

от 2020