ДИФФУЗИЯ

от2020

Дек 1, 2020

(лат. diffusio — тара-луу) — бөлүкчөлөрүнүн жылуулук кыймылда болушунун аркасында өз араvтийишип турган түрдүү заттардын бири биринин ичине өтүшү. Бардык заттар, о. эле заттардын ж-а алардын кошундуларынын атомдору, молекулалары Д-ланат (өздүк диффузия). Суюктуктун ж-а газдардын ичиндеги эрибеген майда бөлүкчөлөр броун кыймылы б-ча таралат. Д-нын газ, суюк ж-а катуу заттарда түрдүүчө болушу жылуулук кыймылындагы молекулалардын таралышына байланыштуу. Газ ж-а суюктуктардын иретсиз ж-а тынымсыз кыймылдата бөлүкчөлөрү таралуу процессинде башка бөлүкчөлөргө урунуу м-н багытын да, ылдамдыгын да өзгөртүп, мурдагы ордунан акырындап алыстай берет. Бөлүкчөлөр сынык сызыктар б-ча кыймылга келишкендиктен алга өтө жай жылат. Көп кагылышуулар-дан кийин зат бөлүкчөлөрүнүн жылыш узундугунун орточо квадраты (L2) убакытка (t) пропорциялаш өсөт, б. а. L2~Dt. Бул туюнтмадагы D пропорциялаштык коэффициента Д. коэффициента деп аталат. А. Эйнштейн сунуш кылган бул барабардык Д-нын бардык процесстери үчүн туура. Суюктуктарда бөлүкчөлөрдүн Д-лык кыймылы сурүлүү кыймыл катары каралат да, Эйнштейндин экинчи барабардыгы: D~UkT колдонулат. к — Больцман турактуулугу, U — Д-лык бөлүкчөнүн кыймылдуулугу. Катуу заттарда Д-нын атомдордун вакансия м-н орун алмашуусу, түйүндөр ортосунда чыгышы, 2 атомдун түздөн туз орун алмашуусу сыяктуу түрлөрү кездешет. Д. коэффициента катуу заттарда ысытуудан болгон кристаллдык торчонун дефектилери-не, деформация өңдүү сырткы таасирлери өтө сезгич келет. О. эле сырткы электр талаасынын аракети электр диффузияны, тартылуу күчү же басым күчтөрү бародиффузияны, чөйрөнүн бир калыпта ысыбагандыгы термодиффузияны пайда кылат.

Ад.:   Ф р анк-К а м е н е цки й Д. А., Диффузия и теплопередача в химической кинетике, 2 изд., М., 1967; Х о д о-р о в Б. И., Проблема возбудимости, Л., 1969.

от 2020