(лат. differentia — түрдүүлүк, айырмачылык) — бүтүн нерсенин ар түрдүү бөлүктөргө, формаларга, баскычтарга, катмарлар-га бөлүнүшү, ажырашы, жиктелиши.

ДИФФЕРЕНЦИАЦИЯ (биол.), 1) филогенездик Д.— эволюция процессинде организмдин бир бүтүн тобунун эки же бир нечеге бөлүнүшү. Жаңы түрдүн пайда болушу негизги филогенез Д-сына жатат. 2) Онто-генездик Д.— бир тектүү клетка, ткандардын ортосунда айырмачылыктын пайда болушу ж-а өөрчүү жолунда аларды өзгөчөлөнүүгө алып келген өзгөрүүлөр. Онтогенездик Д. негизинен түйүлдүктүн өөрчүү процессинде, б. а. эмбриондук клеткадан формасы ж-а функциясы түрдүү болгон ткандардын, органдардын пайда болуу мезгилинде жүрөт. Кээде жетилген организмдин органдарында да Д. жүрөт. Мис, чучук клеткалары кан клеткаларына айланат. 3) Ж ы-ныс Д-сы көбөйуудө учурайт.

ДИФФЕРЕНЦИАЦИЯ (социалдык) — коомдогу бүтүн нерселердин ж-а алардын бөлүктөрүнүи өз ара байланышкан элементтерге ажырашы. Д. теориясын философияга англис философу Г. Спенсер киргизген (19-к-дын аягы) ж-а аны коомдогу эмгектин бөлүнүшүпүн жөнөкөйдөн татаалга өнүгүш эволюциясынын жалпы закону деп жарыялаган. Бурж. социологдор Д-ны коомдогу таптык антагонизмге байланыштырбай карашат. Марксизм-ленинизм окуусу б-ча Д.— жаратылыштын, коомдун негизги закон ченемдеринин бири. Мис, эмгектин бөлүнүшү, мамлекет м-н таптын пайда болушу — социалдык Д-нын негизги баскычтары. Д. капитализм учурунда социалдык теңсиа-диктин өсүшү м-н байланыштуу болсо, социализмдин шартында таптык айырмалардын жоюлуп, социалдык бирдейликке жетүү үчүн аракеттерди көрсөтөт.

от 2020