— геометриянын геом. объектилерди ма-тем. анализдин методдору м-н изилдөөчү бөлүмү. Бул дифференциал эссптөолөрдүн жардамы м-н кадимки евклиддик мейкиндиктен! сызыктарды, беттерди, алардын түркүмдөрүн, геом. объектилердин чексиз кичине бөлүгүнө тиешелүү дифференциал касиеттерин иликтейт. Д. г. ийри сызыктар ж-а беттер теорияларынан турат. Биринчисинде ийилүү м-н толгонуу, экинчисинде ийилү.үлөр м-н негизги квадраттык формалар каралат. Д. г-нын азыркы жаңы багыттары: 1) аффин проекциялык езгөртүү-лөрдө евклиддик мейкиндиктин геом. объектилеринин өзгөрбөгөн дифференциал касиеттерин изилдөөчү теория; 2) евклиддик эмес ж-а көп ол-чөмдүү мейкиндиктеги геом. объектилердин дифференциал касиеттерин изилдөөчү теория. Д. г-нын жаралышы үчүн Л. Эйлер м-н Г. Монждун салымы зор. Алар 18-к-дын аягында беттер теориясын ачышкан. Д. г-нын өнүгүшүнө 19-к-да К. Гаусс «өзүнүн 1- ж-а 2-негизги квадраттык формаларын кийирди. Гаусс 2-квадраттык ферманын негизин толук ача алган эмес, аны 19-к-дын ортосунда москвалык геометрия мектебин негиздөөчү К. М. Петерсон беттин классикалык теориясынын негизинде иштеп чыккан. Д. г. б-ча А. Д. Александров, С П. Фиников, И. В. Ефимов, П. К. Рашевский ж. б. сов. илимпоздордун эмгектери зор мааниге ээ. Д. г-нын физика м-н, өзгөчө салыштырмалуу-лук теориясы’ м-н байланыштуу бөлүгү б-ча Кыргыз мамл. ун-тинин геом. ж-а алгебра кафедрасында изилдөө жүргүзүлүп жатат.

Ад.:   П о г о р е л о в А. В., Дифференциальная геометрия, 5 изд., М., 1969; Р а-ш е в с к и й П. К., Курс дифференциальной геометрии, 3 изд., М., 1950.

от 2020