— капитализм убагында орто ж-а мыкты жерге сарптапган эмгектен же кошумча чыгымдалган капиталдын өндүрүмдүүлүгү өскөндөн түшкөн кошумча пайда; жерди капит. чарбанын объектиси катары монополия-лоо туудурган жер рентасынын бир формасы. Ал мыкты жерде иштеген жалданма а. ч. жумушчуларынын эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өйдө болушунан куралат. Д. р-нын негизги булагы—орт. пайдадан ашык кошумча нарк. Анын 2 түрү бар: биринчи Д. р. ж-а экинчи Д. р. Биринчи Д. р. жердин асылдуулугуна ж-а рынокко жакын-алыстыгына байланыштуу болот. Мыкты ж-а жакын жерден өндүрүлгөн продукт бирдигинин жекече өндүрүш баасы бир ‘ кыйла төмөн, анткени мындай жерде эмгек бир канча өндүрүмдүү же а. ч. товарын жеткирүү чыгымы бир кыйла аз. А. ч. товары коомдук өндүрүштүн баасы б-ча сатылат, ал баа а. ч-да ошол товардын коомдук наркын туюнтуп, начар жер участкасынын өндүрүш шарты м-н аныкталат. Мунун себеби: жер аянты аздык кылат, мыкты жерден өндүрүлгөн а. ч. продуктулары коом муктаждыгын алымсындыра албайт, ал эми рынок орто ж-а начар жерден өндүрүлгөн продуктуларга муктаж болот. Капит. фермер асыл-дуулуту мыкты ж-а орто жерден алынган продукцияны рынок баасы м-н сатып кошумча пайда табат, анын бир бөлүгүн Д. р. формасында жер ээсине берет. Биринчи Д. р. экинчи Д. р-дан мурда чыгып, экс-тенсивдүү дыйканчылыктын, жол катнашынын ж-а ө. ж. борборлорунун өнүгүшү м-н бирге өөрчүгөн. Жерге капиталды өндүрүмдүү жум-шоодон түшкөн кошумча пайда экинчи Д. р. деп аталат. Ал а. ч-н интен-сивдештирүү м-н тыгыз байланыштуу. Бул рентанын массасынын ж-а нормасынын көбөйүшү кошумча сарптапган капиталдын өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүн көрсөтүп, «жердин асыл-ДУУлугу начарлоо законун» жокко чыгарып, ил.-тех. прогресстин шартында башкы ж-а чечүүчү факторго айланат. Капиталды кошумча сарп-тоодон алынуучу үстөк пайданы аренда келишиминин мөөнөтү аякта-ганча фермер-арендатор алат. Арен-далык жаңы келишим түзүлгөндө жер ээси аренда акысын жогорулатуу аркылуу кошумча пайданы өздөштүрөт, б. а. экинчи Д. р-нын бөлүгүн алат. Бул — жерди арендапоонун мөөнөтү үчүн капиталист-арендатор м-н жер ээсинин ортосундагы күрөштүн негизги себеби. Д. р. ж-а ренталык мамилелер социализм тушунда да сакталат. Д. р-нын материалдык негизин мыкты, ыңгайлуу участкалардан ж-а кошумча сарпташ өндүрүмдүүлүгүнүн жо-горулапшнан алынуучу үстөк накта киреше түзөт. Биринчи Д. р-нын булагы — үстөк накта киреше. Коом муктаждыгын алымсындыруу үчүн начар жер да пайдаланылып, баанын пландуу болушун жүзөгө ашырууда чыгым да акталат, чарбалардын зарыл пайда табышы да эске алынат. Экинчи Д. р. кошумча сарптан пайда болот, а. ч. өндүрүшүндөгү ил.-тех. прогресс шартында анын көлөмү, өлчөмү пландуу түрдө жогорулап, дээрлик бүт а. ч. ишканаларында калат. Соң. өлкөлөрдө жерди менчиктөөнүн ТҮРДҮҮ мамилелери болгону үчүн Д. р-ны да түрдүү конкреттүү формада бөлүштүрүүгө шарт түзүлөт. Бирок бүткүл жер мамлекеттин ж-а айрым бөлүгү кооператив менчиги болсо да, рента мамилелеринин мазмуну ж-а Д. р-ны бөлүштүрүүнүн жалпы принциптери бирдей. Социализмде рента мамилелерин экон. жактан жөнгө салууда Д. р-ны бөлүштүрүүнүн механизми туура колдонулуп, а. ч-нын бөтөнчөлүгүн эске алуу м-н ил. жактан негиздүү баа түзүлөт. Д. р. социализм тушунда а. ч-дан сырткары кен казуу ө. ж-нда ж-а курулушта да орун алат. Социализм мезгилинде кен ө. ж-нан түшкөн Д. р. жалпы коом пайдасына, анын ичинен көмүр, руда ж. б. тармактарды өркүндөтүүгө жумшалат. Товар өндүрүшү жоюлган кезде нарк категориясы катары Д. р. жоюлат.

Ад.:   к. Жер рентасы макаласынан.

от 2020