(лат. diffractus — сынган) , 1) толкундун Д-сы —- толкундун тоскоолду айланып өтүү кубулушу. Толкун тоскоолго урунганда анын түз таралуусунун бузулушу Д. м-н түшүндүрүлөт (к. Вөлукчөлөр дифракциясы, Жарык дифракциясы). Д. бардык толкундарда (үп, электр-магнит ж. б.) байкалышы мүмкүн. Ал үчүн тоскоолдун өлчөмү тоскоолго урунган таралчу толкундун узундугу м-н чамалаш болууга тийиш. Д. кубулушу б-ча алганда толкун тоскоолдун көлөкө жагына карай ийилип өтүү м-н таралат. Үйдүн далдасындагы адамдын үнүнүн же башка добуштун угулушу да үн тол-кундарынын Д-сы м-н түшүндүрүлөт, о. эле Жер бетинин айланасындагы радиотолкундардын Д. болушунан алыс жайгашкан антеннанын узун ж-а орто радиотолкундагы сигналдарын кабыл алууга болот. 2) Рентген нурларын ы н Д-сы — заттын рентген нурунун толкун узундугун өзгөртпөй чачыратышы. Табигый Д-лык торчо болгон кристалл аркылуу рентген нуру өткөндө Д. пайда болот. Анткени торчодогу атомдор аралык рентген нурунун толкун узундугуна чамалаш. Врегг — Вулъф шарты аткарылган багытта гана рентген нуру кристаллдай чагылат. Толкундардын Д-сы микробөлүкчөлөрдүн табиятын изилдөөдө зор мааниге ээ. Д. спектр приборлордо пайдаланылат.