(гр. dithyrambos— ыр) — античный лириканын бир түрү; байыркы гректерде жүзүмчүлүк кудайы—Дионистин урматына арналган шаан-шөкөттө хор м-н аткарылуучу гимн. Кийинчерээк мындай мактоо хор мифологиясындагы башка кудайлардын, баатырлардын урматына да ырдала баштайт. Д. өзүнүн өсүш жолунда көп өзгөрүштөргө учурап, азыр колдонуудан чыгып, ыксыз мактоо маанисине өтүп кеткен.