(Diphyllobothrio-ses) — кишинин ж-а кээ бир айбандардын тасма мите курттун кесепетинен болуучу гельминтоз дарты. Кишиде уз. 10—12 м тасма курт ичке ичегиде мителейт. Личинкалары тери челинде, ички органдарда жашап, спарганоз оорусун пайда кылат. Бул дарт адамга жаңы туз-далган икра, чала бышкан балык жегенде жугат. Дартка чалдыккан кишинин шайы кетип, тамакка табити тартпайт, ичи ооруйт, башы айланат, уйкусу качат. Сактануу чаралары: сууну, көлмөлөрдү таза сактоо; чийки ж-а чала бышкан балыкты, жаңы туздалган икраны тамак-ашка колдонууга тыюу салуу. Д. ит, куну ж. б. айбандарда да байкалат. Айбандар Д-у СССРде Балтика боюндагы респ-каларда, Ленинград, Архангельск, Тюмень обл-тарын-да да коп кездешет. Ит, түлкүнүн тасма курту 1 айдан 1,5 жылга чейин мителейт. Ичегини жаралантып, анын иштешин бузат. Ылаңдын кесепетинен эндогендүү авитаминозго чалдыгат. Дарылоо үчүн ареколин, папоротник экстракты, ашкабак уругу ж. б. колдонулат.

от 2020