— эки же бир нече фазадан турган, үстүңкү беттери кенен бөлүкчөлөрү бар физ.-хим. системалар. Д. с-га туман, түтүн, ылай, сүт, айран, кымыз ж. б. мисал. Алар дисперсиялык фа-залардан ж-а дисперсиялык чөйрө-дөн турат. Дисперсиялык чөйрөлөр агрегаттык абалы б-ча газ дисперсиялуу (аэрозолдор), суюк дисперсиялуу (золдор, суспензия, эмульсия, көбүк) ж-а катуу дисперсиялуу системаларга бөлүнөт. Дисперсиялык фаз алар өтө майда болгондуктан дисперсиялык анализ м-н аныкталат. Д. с. фазалардын молеку-лаларынын өз ара аракеттенүү күчүнө жараша лиофилдик ж-а лиофоб-дук деп бөлүнөт. Лиофилдик системаларда фазалардын ортосундагы мо-лекулалардын өз ара аракеттенүү күчү абдан чоң, ал эми фазалардын аралыгындагы беттик тартылуу күчү аз, дисперсиялыгы жогору болот. Лиофобдук системада түрдүү фазалардын молекулаларынын өз ара ара-кеттенүүсү начарыраак келип, фаза-лар аралык беттик тартылуу күчү чоң болгондуктан бөлүкчөлөр (дисперсиялык фаза) тез ириленет (коагуля-цияланат). Д. с. бош энергиясынын чоң болушу м-н өзгөчөлөнөт. Д. с-ды коллоиддик химия үйрөтөт. Бул системалар жаратылышта, техникада ж-а үй тиричиликте кенен таралган.

Ад.: . П а сын с к и й А. Г., Коллоидная химия, 3 изд., М., 1968,

от 2020