ДИСПАНСЕР

— ооруну дарылоо ж-а алдын алуу максатында уюштурулган мед. мекеме. Ал калкты туташ кароодон өткөрүп, ооруну жаңы башталган кезинде таап, Д-дик эсепке алат. Тийиштүү оорулуулар дайыма байкоого алынып, ооруканада жакшылап текшерилгенден кийин аларга квалификациялуу ж-а атайын жардам көрсөтүлөт. СССРде туберкулёз, рак, психоневрология, трахоматоз, богок ж-а венера ооруларына каршы күрөшүүчү Д-лер иштейт. Соц. өлкө-лөрдөгү Д-дин түзүлүшү, максаты, формасы ж-а иштөө методу СССРдеги Д-лерге окшош. Капит. өлкөлөрдө менчик Д-лер иштейт. Алар диагноз коюу, кеңеш берүү ж-а санитардык иштерди жүргүзүү м-н чектелет, Кырг-нда биринчи Д. 1923-ж. Фрун-зеде, 1925-ж. Ошто ачылган. 1976-жылдын 1-январына респ-кабызда I 4100 орундуу 40 (4 респ-калык, 20 шаардык, 9 областтык, 7 айылдык) Д. иштеген.

Ад.:   Айдаралиев А. А., Советтик Кыргызстанда саламаттык сактоо ишинин өсүшү, Фр., 1970; Петровский Б. В., 50 лет советского здравоохранения, М., 1967.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *