— бургулоо аспабын термелтип, дирилдеткич-ти (вибратор) колдонуу м-н бургулоо ыкмасы. Д. б. СССРде 1948-ж. сунуш кылынган ж-а иштелип чыккан. Жумшак тектерде 20—30 м тереңдикте Д. б-до бургулоо аспабы айланды-рылбастан эле бургуланат. Мында дирилдетти бургулоо түтүгүнүн жог. учуна бекитилет да, багытка карай иштөөчү электр-мех. дирилдеткичтер колдонулат. Катуу тектерди ж-а 30 м ден көп тереңдикте Д. б-до бургулоо аспабы да айландырылат. Бул учурда дирилдеткич бургулоо аспабынын дал үстүнө орнотулат. Мында суюктуктун агымы м-н аракетке келтири-лүүчү гидравликалык дирилдеткичтер пайдаланылат. Бургулоо түтүгүн ди-рилдөөнүн терс таасиринен сактоо үчүн терең бургулоодо дирилдеткич-тин үстүнө амортизатор орнотулат. Ургулап-айландырып бургулоого < караганда Д. б-до эмгек өндүрүмдүүлүгү 1,5—2 эсе жогорулайт. Бул ыкма геол. чалгындоодо, нефть ж-а газ бургулоодо колдонулат.

Ад.\ Ребрик Б. М., Вибротехника в бурении, М., 1966.

от 2020