— темир-бетон, жыгач ж-а металл түркүктү, казыкты, түтүктү жерге кагып киргизүү ж-а андан сууруп чыгаруу үчүн колдонулуучу урма-дирилдек’ машина. Ал дирилдөөнү козгогучтан, тең сал-мактабагычтан (дебаланс), ургучтан, пружиналуу асмадан турат. Башка дирилдөөнү козгогучтан айырмаланып, Д. к. асылма пружинага бекитилген кыскычтар м-н жерге кагы-луучу элементти кысып калат да, ага дирилдөөнү берүү м-н кошо ал элементти мезгил-мезгили м-н ургулап кагат. Мында дирилдөөнү козгогучта-гы ургуч кагылуучу элементтин учу- на коюлган дөшүнү урат. Д. к. бир же эки электр кыймылдаткыч м-н жабдылат.

от 2020