ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛДҮК

— мамлекеттин чет өлкөлөр м-н катнаш органы. Аны элчи (посольстводо), посланник же ишке ишенимдүү киши (миссияда) башкарат. Д. ө. эки мамлекеттин ортосундагы дипл. кат-наштар б-ча өз ара келишими м-н уюштурулат. Д. ө-түн милдеттери: турган жеринде өз мамлекетинин, анын граждандарынын кызыкчылыгын коргоо, өзү турган мамлекеттин өз мамлекети м-н жакшы мамиледе болуусун камсыз кылуу, ал элдин тарыхы, саясий турмушу ж-а болуп жаткан окуялар ж-дө закондуу жол м-н өз өкмөтүнө кабардан туруу. Д. ө. дипл. катнаш үзүлгөндө токтолот, к. Дипломаттык байланыштын угулушу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *