(243—313 ж-а 316-жылдын ортосунда) — Рим императору (284—305). Катардагы жоокерден согуштук жог. кызматтарга жеткен. Рим империясы экон., социалдык ж-а саясий жактан начарлаган учурда бийликке келген. Императордун бийликти күчөткөн. Империяны чыңоо үчүн бир катар реформалар жүргүзгөн: армиянын саны 450 миңге жетип, чек аралык коргонуу системасы түзүлгөн; акча жүгүртүүнү жөнгө салып, кызыл кулактарды жойгон; империядагы массалык ж-а сепараттык кыймылдарды күч м-н баскан. Д. 305-ж. бийликтен ыктыяры м-н баш тарткан.

от 2020