ДИН

от2020

Ноя 30, 2020

 — бир же бир нече кудай бар, табияттан тышкары кереметтүү илме кайып күчтөр бар деген ишенимге таянган көз караштардын, сезим-туюмдардын, ырым-жырымдардын, каада-салттардын жыйындысы. Д. түь шүнугүнө диний мекемелер (мечит, чиркөө, буткана ж. б.) ж-а диний кызматкерлер (бакшы, поп, молдо ж. б.) да кирет. Д-дин эң негизги белгиси — реалдуу дүйнөдөн тышкары турган сырдуу күчтөр барына сокур ынануу. Маани-маңызы жагынан Д.— идеалисттик көз караштардын бир түрү; табияттагы же коомдогу кадыресе эле көрүнүштөрдүн, кубулуштардын, байланыштардын, закон ченемдердин аң-сезимде укмуш-танып теңирден — тетири чагылышы. Д. коомдук аң-сезимдин өзгөчө бир формасы болуп, адамдардын жүрүш-туруш нормаларын жөнгө салуучу милдет да аткарат. Д. жог. палеолит (40—50 миң жыл мурда) доорунда жарала баштаган деп болжолдонот. Адам акылы бир кыйла өсүп, теориялык ой жүгүртүү түптөнүп калганда ойдун турмуштан ажырап ж-а оолактап кетишине мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Демек, Д. дүйнөнү тескеп-териштируү, аңдап билүү, иликтеп үйрөнүү процессинде адамдын акыл-эси жасаган аракеттердин калпыс туундусу катары келип чыккан. Бул болсо Д-дин гно-сеологиялык тамырлары деп аталат. Д-дин социалдык тамырлары да бар. Эң байыркы замандарда адамдар табият күчтөрүнөн алсыздык кылган, дүйнөнү практикалык ж-а духовный жактан дурус өздөштүрө алган эмес, табияттаты ж:а коомдогу «сырдуу» көрүнгөн кубулуштардан корккон, анан ошол күчтөргө таасир кылуу амалын издеп, адепки жамаатта (общинада) түзүлгөн коомдук мамилелерди табиятка да тиешелүү кылып көрсөтө баштаган. Ал эми жеке менчиктин, экон. теңсиздиктин, таптык эзүүнүн келип чыгышы Д-ди эзүүчү таптардын идеол. куралына айландырган, анын эмгекчи эл үчүн «апийим» болушун, калктын калың катмарына жайылышын шарттаган. Диний түшүнүктөрдүн, ишенимдердин, жөрөлгөлөрдүн тарыхый про-цессте куралып, укумдан тукумга өтүп, өнүп-өөрчүп отурушу Д-дин тарыхый тамырлары болот. Ар кандай жаңы диний көз караштар ж-а каада-салттар жок жерден жарала калбайт, мурдагы диний түшүнүктөр м-н каада-салттардын негизинде келип чыгат ж-а калыпка салынат. Д-дин тарыхый жактан эң алгачкы формалары — магия, тотемизм, фетишизм, анимизм, арбакка сыйынуу ж. б. Коомдун таптарга бөлүнүшү ж-а мамлекеттин келип чыгышы Д. тарыхындагы политеизм (көпку-дайлуу) доорун ачкан. Коомдук ма- I мителердин татаалданышынан, «ку- I дай» түшүнүгү коомдогу бийлик маанисин алышынан, адамдын абстракттуу ойлоосунун өөрчүшүнөн улам ; монотеизм (бир кудайга сыйынуу) келип чыккан. Иудаизм, буддизм, христианчылык, ислам өңдүү дүйн.’ диндер дал ушул багыттагы өнүгүүдөн келип чыккан. Д. м-н кошо Д. илими (теология) өөрчүп, диний уюм-мекемелердин ж-а мамилелердин жаңы формалары (чиркөө, мечит, дин кызматкерлери, тобо-ибадат кы-луучулар ж. б.) калыптанат. Д-ге каршы күрөш илим-билим өнүккөндө эле башталган. Өткөн за-мандардын белгилүү илимпоздору Д-дин социалдык маңызын, келип чыгышын, реакциячыл маанисин, зыян-залалын аныктоого ж-а атеисттик көз караштарды бекемдөөгө көп күч жумшашкан. Бирок бул маселелерди fua-ячыл позициядан чыныгы ил. негизде чечкен марксизм-ленинизм гана болду. Марксизм-ленинизм Д-1дин келип чыгыш себептерин, түп- ] кү маңызын, коомдук милдеттерин, j таптык мүнөзүн, реакциячыл ролун белгилеп, анын жоголуш жолу коом- I ду рев-ялык негизде кайра куруу м-н \ байланышта экенин көрсөттү. Сов. Союзунда социализмдин жеңи-ши Д-дин социалдык ж-а таптык та- I мырларынын жоюлушуна алып келди, Д-ге ишенүү—ишенбөө ар бир : граждандын жеке укугуна айланды, | Д. өткөн тарыхый доордун зыяндуу саркындысы гана болуп калды. Жаш ; муундарды илимий-матер. көз караш—та тарбиялоо негизги милдет болуп . коюлган кезде, атеисттик пропаганданы кеңири жүргүзүүгө зор маани бе-рилүүдө. Бул милдеттер КПССтин Программасында толук баяндалган.

Ад.:   Маркс К., Энгельс Ф., Дин жөнүндө, Фр., 1960; Ленин В. И., Дин. жөнүндө, Фр., 1955; Энгельс Ф., Людвиг Фейербах шана классикалык немең» философиясьшын акыры, Фр., 1958; П а-в е л к и н П. А., Что такое религия?, М., 1960; Сухов А. Д., Религия как общественный феномен, М., 1972; Мамбеталиев С, Суфизм жана анын Кыргызстандагы агымдары, Фр., 1972; Е с е н-г е л ь д ит в С, Улуттук жана диний традициялар жөнүндө, Фр., 1969; ошонуку, Илим менен диндин карама-каршылыгы, Фр., 1974; Назарбаев GJ Дин жана үй-бүлө, Фр., 1974; Абдылдаев С, Дин жана аял, Фр., 1972.

от 2020