ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЛАР

 теологиялык билим берип, дин кызматкерлерин даярдайт. Бул байыркы мамлекеттерде башталган. Жрецтер, дин кызматкерлери ж. б. узак жылдар бою диндик салттарды үйрөнүп, өзүнчө каста катары бөлүнүп чыккан. Жрецтерди даярдоочу биринчи окуу жай Байыркы Египет ж-а Вавилония храмдарында (б. з. ч. 2-миң жылдыкта) пайда болгон. Б. з. ч. 1-миц жыл-‘ дыктын орто ченинде Индияда, Борб. ж-а О. Азиянын кулчулук мамлекет-теринде буддалык монастырлардын көбү окуу жайларына айланган. Индияда профессионал жрецтерди буд-дизмдин, ламаизмдин монастырдык, брахмандардын касталык мектептери даярдаган. Христиан дининин (1-к-дын орто чени) пайда болушу м-н Д. о. ж-дын жаңы түрлөрү: Александрия-да (Египет) биринчи катехизис мектеби (2-к-дын аягында), Иерусалимде, Римде ж-а Рим империясынын башка шаарларында — епископ ж-а экзегеттердин ыйык жазууну түшүндүрүүнү мектептери ачылган. Ун-т-тердин ачылышы м-н (11—12-к.) анда дин ф-теттери пайда болот. Католик дини өзүнчө диндик ин-ттар ачат. Париж ун-ти (1253) диний борборго айланат. Римде Папа академиясы (1603), Дин академиясы (1701) ачылат. Россияда 1030-ж. Ярослав Мудрыйдын буйругу б-ча Новгороддогу епископ кафедрасына караштуу православ-ныйлардын диний окуу жайы ачылган. Мусулмандардын негизги Д. о. ж-ы (медиреселер) ж-дөгү маалыматтар 8—9-к-га таандык. Айрым өлкөлөрдө ислам ун-ттери болгон: Азхар (Египет), Зейтун (Тунис) ж-а Алигарх (Индия), Пенжаб (Пакистан), Анкара (Турция) ж. б. О. Азия медиреселери 10-к-да пайда болуп, 15—16-к-да көбөйгөн (Самарканда Улугбек, Буха-рада Мир Араб медиреселери). Айрым Д. о. ж. Кырг-нда да ачылган, бирок өнүгө алган эмес. 1892-жылда-гы маалымат б-ча, Ош у-нде 7 медиресе болгон. Мусулман медиресесин бүтүргөндөр казы, муфти наамын алышкан. О. Азияда эзүүчү таптар медиресе м-н мектептерди ислам динин таратуу ж-а өз мүдөелөрү үчүн пайдаланышкан. О. Азияда татарлар тарабынан «усули жадид» (жаңы тартип) деп аталган мектептер уюш-турулат. Мындай мектептердин программасына окуу ж-а граммат. жазуу, эсеп, география, тарых сабактары да киргизилген. Окутуунун эски жолун (маанисине түшүнбөй эжелеп окуу) жактоочу молдолор (кадамист-тер) м-н жаңы тартипчилердин (жа-дидчилер) ортосунда келишпес күрөш жүргөн. Жаңы тартипчилердин демилгесин кыргыз манаптары колдоп, жер-жерлерде мектеп имараттарын салдыры-шып, эң оболу өз балдарын жиберишип, жаңы тартип м-н окутууга мугалимдер чакыртышкан. Жаңы тартип мектептери 1901—02-ж. Токмок, Пишпек, Пржевальск ш-ларында, 1908—10-ж. айрым кыргыз айылдарында ачылган (Нарын багытындагы, Курткадагы Калпа ажынын, Тоңдогу Сагаалынын, Жети-Өгүздөгү Мамыр-бай ажынын мектептери). Кыргызда Окт. рев-ясына чейин мындай 10—15 мектеп болгон. Жаңы тартип мектептери окуучуларды сабаттуулукка үйрөтүп, аздыр-көптүр билим берсе да, негизинен диний моралды, исламдык идеологияны тараткан, бошт. туусун көтөрүп жаткан орус пролетариата м-н О. Азиянын эмгекчилеринин тилектештигине ж-а достугуна кедерги болгон. Мусулман дин кызматкерлери азыр Ташкендеги жог. дин мектебинде ж-а Бухарадагы Мир Араб меди-ресесинде (7 жыл) даярдалат. П., 1918; Бобровни- «табияттан тышкаркы күчкө» таасир ков Н. А., Русско-туземные училища, кыла алат, ал «күч» болсо элге жак-мактабк и медресе Средней Азии. Путе- „.. TVtttvmttv mratmrvv яттаъттттлк™ вые заметки, СПБ., 1913; Айтмамбе- шы түшүмдү, олжолуу аңчылыкты т ов Д., Дореволюционные школы в Кир- камсыз кыла алат деп үмүттөнүш-гизии, Фр.,

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *