ДИНАРА ТАЙПАК ТООЛОРУ

 —Балкан ж. а-нын түн.-батышындагы (Югосл-я ж-а Албаниянын түндүгүн- дө) тайпак тоо. Эң бийик жери 2692 м (Түн. Албания Альпысы). Уз. 650 км, туурасы 60—230 км. Бийигирээк батыш бөлүгүн негизинен бөксө ж-я кырка тоолор (Динара, Ве-лебит, Дурмитор ж. б.) ээлейт. Карст рельефи мүнөздүү. Чыгышы сланец ж-а кумдук тоо тектеринен түзүлгөн орто бийиктеги кырка тоолордон (Ро-мания, Явор, Златибор ж. б.) турат. Булар тектоникалык өрөөндөр ж-а чуңкурдуктар м-н бөлүнгөн. Климаты: жээк бөлүктөрүндө субтропиктик жер ортолук деңиздик; чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттиктен жер ортолук деңиздикке өтөт. Январдын орт. темп-расы —2, —4°С, июлда 15— 20°С Жылдык жаан-чачын 1000— 4000 мм. Бук, эмен ж-а ийне жалбырактуу токой өсөт. Калкынын кесиби — батышында мал чарбачылык, чыгышында дыйканчылык. Кен байлыктары: боксит, күрөң көмүр, темир, жез, калай, марганец, сурьма ж. б.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *