ДИНАМО…

от2020

Ноя 30, 2020

(гр. dynamis — күч дегенден) — татаал сөздөрдүн башкы бөлүгү; «күч» деген дөзгө тең барабар маани туюнтат ^ис, динамометр).

«ДИНАМО» — бүткүл союздук физ-ра — спорт коому. Ф. Э. Дзержинскийдин демилгеси м-н 1923-ж. түзүлүп, өлкөнүн бүт аймагына кеңири таралган. «Д.» 1971-ж. ‘ чейин 10 миңден ашуун спорт мастери, 400 го жакын эл аралык класстагы спорт мастери, 480 спортко эмг. сиң. мастер, 125 СССРге эмг. сиңирген тренер даярдалган. СССР элдеринин 5-Спартакиа-дасында (1971) «Д.» биринчи орунду ээлеген. Бул коомдун көрүнүктүү спортсмендери: Л. Яшин (футбол), А. Чудина (волейбол), И. Артамонова, М. Исакова, О. Гончаренко (коньки спорту), И. Пресс, В. Санеев (жеңил атлетика), А. Колчина, В. Ведении (лыжа тебүү), Г. Горохова, Е. Белова (фехтование), В. Попенченко (бокс), А. Метревели (теннис), М. Воронин, Л. Турищева (гимнастика), И. Новиков ж. б. Көрүнүктүү тренерлер — А. И. Чернышев (хоккей), К.И. Бесков (футбол), ж. б. иштейт. «Д.» 1937-ж. Ленин ордени м-н сыйланган. Кырг-пда «Д-нун» респ-калык совети 1926-ж. уюштурулган. 1927-ж. коомдо спорттун 4 түрү’ болсо, 1976-ж. анын 18 түрү бар. Коомдо 87 СССР спорт мастери, ‘6 эл аралык класстагы спорттун мастери, 800 ден ашуун спорт мастеринин капдидаты ж-а биринчи разрядчы даярдалган. Европа чемпиону — аткыч А. Мелентьев, дүйнө чемпиону — балбан А. Мишуров ж. б. «Д.» коомунда тарбияланган.

от 2020