(18. 6. 1882, Перникск округу, Ковачевци кыш.—2. 7. 1949, Москвага жакын Барвихада) — болгар ж-а эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери. Кол өнөрчүнүн үй-бүлөсүнөн. 12 жашынан арип терүүчүнүн үйрөнчүгү. 1901-ж. Софияда басма сөз кызматкерлеринин профсоюзунун секретары. 1902-ж. Болгария соц.-демокр. жумушчу партиясына (БСДЖП) өткөн. 1909-жылдан партиянын БКсына мүчө. 1905—23-ж. болгар пролетариатынын рев-ячыл күрөшүнө активдүү катышкан. 1912—13-ж. Балкан согушунда парламенттин (1913—23-ж. ага депутат болгон) трибунасынан болгар буржуазиясынын шовинисттик бас-кынчыл саясатын ашкерелеген. Согушка каршы иши үчүн куугунтук-талган. Биринчи дүйн. согуш алдында ж-а согуш жылдарында болгар улутчулдугун ашкерелеп, депутат катары согуштук кредитке каршы добуш берген, Болгариянын импер. согушка катышуусуна каршы чыккан. Улуу Окт. соң. рев-ясынан кийин анын ураанын даңазалап, Совет респ-касын коргоо үчүн күрөшөт. 1921-ж. Коминтерндин 3-конгрессине катышып, В. И. Ленинге жолугат. 1923-ж. сентябрда В. П. Коларов м-н бирге фашизмге каршы куралдуу көтөрүлүштү башкарат. Ал басылып калгандан кийин эмиграцияга кетет. Болгариядагы фаш. бийлик Д-дуөлүм жазасына сырттан өкүм кылат. Эми-грацияда БКП (т. с-дин) чет өлкөлүк бюросуна мүчө, ИККИде, Профсоюз^ дук интернационалдык борб. сове-тинде иштейт. Балкан коммунисттик федерациясынын секретары болгон. Герман рейхстагын өрттөдү деген жалаа м-н айыпталып, 1933-ж. Бер-линде камакка алынат. Фашисттер уюштурган Лейпциг процессинде (1933) Д. гитлердик провокаторлорду ашкерелеп, пролетардык интернацио-нализмдин туусун көтөрүп, фашизмге моралдык-саясий сокку урган. Айыптоо ордунан чыкпагандан ж-а бүткүл дүйн. протесттен кийин фаш. сот Д-ду ж-а айыпталган башка ком-мунисттерди актоого аргасыз болгон. Сов. Союзу Д-го сов. граждандын укугун берип, 1934—45-ж. СССРде жашаган. 1934-ж. Ленинград шаардык советинин депутаты болуп шайланган. 1935—43-ж. Коминтерндин аткомунун ген. секретары. 1937— 45-ж. СССР Жог. Советинин депутаты. Экинчи дүйн. согуш жылдарында (1939—45) Д.—Болгариянын Ата Мек. фронтун түзүүнүн (1942) де-милгечиси ж-а жетекчиси. Фашизмге каршы күрөшүүдө көрүнүктүү иши үчүн СССР Жог. Советинин Президиуму Д-ду Ленин ордени м-н сыйлаган. 1945-ж. 6-ноябрда Д. өз мекенине барган. БКП БКнын Ген. секретары (1948-жылдан) ж-а Мин. Советинин пред-ли (1946-жылдан) болуп туруп, Д. элдик-демокр. Бол-гарияны курууга жетекчилик кылган. Болгар Эл Респ-касынын жарыяланышы (1946), элдик-демокр. конституциянын кабыл алынышы (1947) ж-а түп-тамырынан бери соц. кайра куруунун жүргүзүлүшү Д-дун ысмы-на байланыштуу. Ал болгар-совет достугун чыңдоо, марксизм-ленинизм-дин тазалыгы үчүн жалындуу күрөшүүчү болгон. Д-дун сөөгү Со-фияда Мавзолейге коюлган. Георгий Димитров ордени ж-а сыйлыгы негизделген. Болгария -Коммунисттик жаштар союзу анын ысмында.

Чыг.:  Избранные статьи и речи, М., 1972.

Ад.:   Болдырев С. Н., Трижды приговоренный…, М., 1968; Георгий Димитров — выдающийся деятель коммунистического движения, М., 1972.

от 2020