[26. 7(8. 8). 1902-ж. т., Самара, азыркы Куйбышев ш.] — машина таануу тармагындагы сов. илимпоз, СССР ИА-нын акад. (1953; корр. мүчө, 1943), Соц. Эмг. Баатыры (1969). 1928-ж. Н. Э. Бауман атн. Москва жог. тех. окуу жайын бүтүргөн. 1938-жылдан Металл кесүүчү станоктордун экспе-рименттик ил. из. ин-тунда иштейт. Анын жетекчилиги м-н автоматтык катарда айлануучу тетиктерди иштетүүчү станокторду агрегатташтыруу системасы иштеп чыгарылган. Д.— поршендерди жасап чыгаруучу биринчи автоматтык з-ддун (1950-ж. ишке киргизилген) долбоорунун башкы инженери. СССР мамл. сыйл. (1941, 1951) лауреаты. Үч Ленин ордени, башка 3 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.:  Машиностроение. Энциклопедический справочник, т. 9, гл. 12, М., 1949.

Ад.:   Дикушин Владимир Иванович «Вестник АН СССР», 1954, М 4.

от 2020